Зат жана энергия алмашуу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Заттык Зат жана энергия алмашуу''' — организмдеги заттардын химиялык айланууларынын жыйындысы.
 
Ал организмдин өөрчүшүн, тиричилигин жана тукум берүүсүн, ошондой эле айлана-чөйрө менен байланышын, сырткы чөйрөнүн өзгөрүшүнө ыңгайлашуусуна камсыз кылат. 3аң алмашуунун негизин [[Ассимиляция|ассимиляция]] ([[Анаболизм|анаболизм]]) жана [[Диссимиляция|диссимиляция]] ([[Катаболизм|катаболизм]]) процесстери түзөт. Булар [[Фермент|ферменттердин]] таасиринен жүрүүчү химиялык реакциялар менен ишке ашат. Анаболизм энергияны алууга байланыштуу, анда клеткалар тышкы чөйрөдөн келген бирикмелерди өзүнө сиңирип, клеткада жөнөкөй молекулалардан татаалдары синтезделет. Катаболизмде клеткага сырттан келген жана анын составына кирген заттар ажыроого учураганда энергия пайда болот. Ал энергия тиричиликтин бардык процесстеринде, булчуңдардын жыйрылышында, нерв импульстарын өткөрүүдө, дененин температурасын бир калыпта кармоо, синтез, сиңирүү, секреция процесстерин, клетка мембранасынын ички жана сырткы жагында сактоодо жана башка пайдаланылат. Бул процесстер организмдин дайыма жаңырып турушун жана ткандардын химиялык составынын туруктуу болушун камсыз кылат. Организмдеги белоктор негизинен КУРУУ материалы катары, углеводдор менен майлар энергияны толуктоо үчүн пайдаланылат. Углеводдор организмде энергиянын негизги булагы болуп, энергнянын көбүн бөлүп чыгарат.