Ысык-Көл облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
94-сап:
Анын борбордук бөлүгүн Ысык көл ээлейт. Көл түздүктөр менен курчалган. Ичке жээк тилкелерин кум каптап жатат, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздак жерлер да кездешет.
 
Тескей Ала тоонун түштүгүндө деңиз деңгээлинен кыйла көтөрүңкү, климаты катаал плато сымал түздүктөр — сырт жайгашкан. Облустун аймагындагы кырка тоолор негизинен кеңдик багытта созулат. Эң чыгыш бөлүгүндө алар бири-бирине жакындашып, Кан Теңир (Муз тоо) тоо тоомун пайда кылат. Мында жалпы Теңир тоонун эң бийик жери — [[Жеңиш чокусу]] (7439 м) жайгашкан.
 
Кен байлыктарынан алтын (Ак Шыйрак тоосундагы Кумтөр кени), көмүр (Жыргалаң, Cөгөттү), калай (Сарыжаз суусунун өрөөнүндө), полиметалл (Жыргалаң полиметалл кендер тобу), больпрам, жез, бисмут кендери, семент дайардоого жарактуу акиташ теги (Күрмөнтү), айнек куму ж. б. курулуш материалдарынын кендери бар.