Альдегиддер: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Альдегиддер''' [(лат. al (cohol) de hyd (rogenatum) – суутексиз спирт)] – карбонил тобундагы эки бош валенттүүлүктүн бири орг.органикалык радикал, экинчиси суутек атому менен байланышкан бирикмелер. Жалпы формуласы: R-CH=O. А. изомерлери алардын радикалдары түзүлүшүнө жараша болот. 1-үч мүчөсүнүн бирден, 4-мүчөсүнүн-эки, 5-мүчөсүнүн – төрт изомери бар, башкача айтканда мол-да көмүртек саны көбөйгөн сайын алардын изомерлери саны да <&lt;/nowiki>&gt;көбөйөт. А. аттары тривиалдык жана илимий номенклатуралар б-ча аталат. Тривиалдык номенклатура б-ча А. аттары алардын окистенишинен пайда болгон к-талар аттарынан алынат. Мис., кумурска к-тасына кумурска альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) жана башка туура келет. Илимий номенклатура б-ча алардын аттары чектүү углеводороддор аттарынан алынып, аягына «аль» мүчөсү уланат. Мис., H-CH=O кумурска альдегидди, метаналь (формальдегид); CH3-CH=O уксус альдегиди, этаналь (ацетальдегид); СН3-СН2-СН=О пропион альдегиди, пропаналь жана башка А. хим. реакцияларга эң жөндөмдүү бирикмелер. Аларга кошулуу, орун алмашуу, окистенүү-калыбына келүү жана конденсация реакциялары мүнөздүү. Мис., спирттер менен кошулуп ацеталдар, гидроксил аминдер менен кошулуп оксим, гидразин менен гидразон, биринчилик аминдер менен азометиндер (шифф негиздерин) пайда кылат. Ө. ж-ларда СН2О жана NH3 гексаметилентетраамин (уротропин) алынат. Альдольдук конденсация менен гидроксиальдегиддерди алуу орг. синтезде эң чоң мааниге ээ. А-ди спирттен R-CH2-OH R-CHO; метил тобу бар ароматтык углеводороддон:
 
С6Н5СН3 С6Н5СНО;