Оскар Уайлд: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
wikidata + Oscar Wilde portrait.jpg
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Oscar Wilde portrait.jpg|thumb|Оскар Уайлд.]]
'''Оскар Фингал О'Флаэрти Уиллс Уайлд''' ([[Англис тили|англ.]] Oscar Fingal O'Flahertie Wills Wilde; [[1854]]-жыл [[16-октябрь]][[1900]]-жыл [[30-ноябрь]]) — спектаклдерди, фантастикалык чыгармаларды, дилбаяндарды жана ырларды жазган ирландиялык чыгаан [[жазуучу]] болгон. [[1880]]-жылдардын соңуна чейин ар кандай түрлөрдө жазгандан кийин ал 1890-жылдары Лондондогу эң таанымал [[Драматург|драматургдардын]] бири болуп калган. Ал эпиграммалары жана спектаклдери, "[[Дориан Грейдин сүрөтү]]" (анг. The Picture of Dorian Gray) романы, ошондой эле камалуу шарттары жана эрте көз жумганы менен эсте калган.
 
Уайлддын ата-энеси Дублиндеги[[Дублин]]деги англис-ирланд тектүү ийгиликтүү интеллектуал кишилер болгон. Алардын уулу жаш кезинде эле француз жана немис тилдерин эркин сүйлөп кеткен. Университетте Уайлд "Улууларды" (анг. Greats) окуган. Ал өзүн биринчи Дублинде, андан кийин Оксфорддо чыгаан классикчи катары далилдеген. Өзүнүн жетекчилери Уолтер Патердин жана Жон Рускиндин башчылыгы алдындагы өсүп бараткан эстетизмдин философиясына аралашып калганы менен белгилүү болгон. Университетти аяктагандан кийин Лондондогу мода маданий жана коомдук чөйрөлөргө көчүп барган.
 
Эстетизмдин өкүлү катары ал ар кандай адабий иш-чараларга аралашып көргөн: ыр китебин басып чыгарып, жаңы "Көркөм өнөрдөгү англис кайра жаралуусу" боюнча Америка Кошмо Штаттары менен Канадада сабак берген жана Лондонго кайтып барып журналисттик үзүрлүү эмгегин уланткан. Курч акыл калчоосу, колориттүү кийими жана жаркыраган маеги менен таанымал Уайлд өз доорундагы эң белгилүү инсандардын бири болуп калган. 1890-жылдардын аяктарында ал көркөм өнөрдүн үстөмдүгү тууралуу ой-пикирин баарлашуулары менен дилбаяндарында жаңырткан. Начарлоо, эки жүздүүлүк жана сулуулук темаларын "Дориан Грейдин сүрөтү" аттуу жападан жалгыз романына кошуп чагылдырган. Эстетикалык деталдарды түзүү жана аларды чоңураак темалар менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү Уайлдды драма жазууга түрткөн. Ал "Саломеяны" (анг. Salome, 1891) француз тилинде Парижде жазып, бирок англис сахнасында Библиядагы темаларга толугу менен тыюу салынышынан улам ага Англияда лицензия берүүдөн баш тартышкан. Кебелбеген Уайлд 1890-жылдардын башында төрт коомдук комедия өндүрүп чыгарган. Бул ага Виктория Лондонунун аяк чениндеги эң ийгиликтүү драматург болууга шарт түзгөн.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Оскар_Уайлд" булагынан алынды