Жибек: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
толуктоо
м Reverted edits by 46.8.57.209 (talk) to last revision by 158.181.188.218
Белги: Rollback
 
1-сап:
[[Файл:Khmersilk.JPG|thumb|Жибек ([[Камбожа]]).]]
'''Жибек''' — жибек куртунун безинен бөлүнүп чыгуучу нукура (табигый) текстиль буласы. Адегенде жибек курттун кокону ысык сууда жумшартылып, андан соң жазылып кургатылат. Натыйжада узундугу 0,4–1,2 кмге жеткен таза, жалтырак кош катар жибек жип алынат. Мындай [[жип]] оңой боёлот жана бышык болот. Бир нече түрмөктөн турган жиптер адегенде самын жана башка заттар менен ысык сууда кайнатылып, батташкан заттардан тазартылат, андан соң металл цилиндринин ичке көзөнөгү аркылуу созуп өткөрүлүп, чыйратуучу машинага берилет. Эриши (кездеменин узунунан жайгашкан жиптери) катары колдонулуучу жибек жип трамм деп аталат. Аркак (кездеменин туурасынан кеткен жиптери) түрүндө колдонулган жип органсин деп аталат. Ал траммга караганда азыраак күч менен каршы тарапты карай чыйратылат. Үзүлгөн жиптер чыйратылганга жарабайт, ошондуктан аларды майдалап бөлүп, пахта, зыгыр жана жүн сыяктуу ийрийт. Жибек кездеме токуу жана техникалык максаттар үчүн, ошондой эле электр өткөрбөөчү материал катары колдонулат.
 
== Була түзүлүшү ==
Жибек була 75% фиброин жана 25% серицинден турат. Эгерде сиз микроскоптун астындагы жипчеге көз чаптырсаңыз, анда эки параллель иштеп жаткан фиброин жипчелерин көрө аласыз. Фиброин жана серицинден тышкары, жибек момдору жана майлары, ошондой эле минералдар бар.<ref>[https://le-vele.com.ua/blog/shelkovoe-odeyalo-luchshiy-podarok-blizkim/ Жибек жипчелеринин түзүлүшү.]</ref>
 
== Кошумча маалыматтар ==
<references />
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жибек" булагынан алынды