'''Меган Дениз Фокс''' ({{lang-en|Megan Fox}};1986-жылы, 16-майда туулган) - америкалык актриса жана модель. Ал карьерасын 2001-жылы телесериалдардагы ролдору менен баштаган жана "[[Үмүт жана ишенич]]" (анг. Hope and Faith) телесериалында туруктуу роль аткарган. 2004-жылы ал "Сахна ажары" аттуу өспүрүмдөр комедиясында дебюттук ролун аткарган. 2007-жылы "Трансформерлер" аттуу блокбастерде Шайа Лабафтын сүйүктүүсү Микаела Бейндин ролун аткаргандыгы менен атактуулукка жеткен. Фокс 2009-жылы "[[Трансформерлер]]" тасмасынын уландысы "[[Трансформерлер: Өч алуу]]" (анг. Transformers: Revenge of the Fallen) чыгарылышында да тартылган. Кийинчерээк 2009-жылы, Фокс "[[Женнифердин денеси]]" (анг.Jennifer's Body) аттуу комедиялуу коркуу тасмасында тартылган.
Фокс ошондой эле учурдун секс символу катары эсептелинип келет жана Максим, Роллиң Стоун жана FHM аттуу журналдарда сүрөттөрү чыккан.