Усундар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кайра 192366 жокко 217.29.19.87 (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
No edit summary
1-сап:
{{Кыргызстан тарыхы}}
'''Жети-Суу''' жөнүндөгү эң байыркы маалыматтарды биз кытай даректеринен табабыз; андан кыйла эрте грек жана рим жазуучуларынан биз Сыр- Дарыянын ары жагындагы, ар биринин жашаган жери аныкталбаган элдердин аталыштарын гана табабыз. Кытайлыктарга[[Кытай]]лыктарга Жети-Суу биздин заманга чейинки II кылымдын аягында гана, качан кытай өкмөтү кубаттуу хунндарга каршы союздаш издеп, батыш өлкөлөргө элчиликтерин жөнөткөндө белгилүү болгон. Хунндар жеңип алган элдердин катарына алгач Нан-шань кырка тоолору менен Булунцзир дарыясынын ортосундагы аймакта көчүп жүргөн усундар кирген; бул жерде хунндар менен салгылашта алардын падышасы курман болгон; анын жаңы төрөлгөн баласын хунндардын падышасы тарбиялоого алган жана кийин согуштук жүрүштөрдө ал өзүн көрсөткөн соң ага атасынын элин кайтарып берген. Усундар өзүлөрүнүн бир кездеги коңшулары, хунндар тарабынан талкаланган юечжилерди, болжолу тибеттен келип чыккан элди куугунтукка алууга катышышкан. Батышты көздөй жылуу учурунда юечжилер Жети-Суудагы сэ деген элди сүрүп чыккан, бул аталышты, адатта, Орто Азия жөнүндөгү грек жана перс кабарларында көп эскерилген сак деген эл менен окшоштурушат, бирок мындай жакындаштыруунун пайдасына тыбыштык окшоштуктардан башка эч кандай далилдерди келтирүүгө мүмкүн эмес. Өз кезегинде юечжилерди усундар сүрүп чыгарган, алар биринчи кытай элчиликтери келген доордо Жети-Сууда үстөмдүк кылып турушкан, ошентсе да өлкөдө эскерилген эки элдин тең бөлүктөрү жашап калышкан. Бул жерде гунъто титулун алып жүргөн усундардын падышасы Лецзяоми тез арада ушунчалык деңгээлдеги кубаттуулукка жетишкендиктен, хунндарга такыр баш ийбей калган. Чыгышта анын ээлиги түздөн- түз хунндардын ээлиги менен жанаша жаткан (кытайлар бул же тигил элдин ээликтеринин чегин так аныктап беришпейт); усундар өлкөсүнүн түштүк тарабында Чыгыш Түркстандын башынан эле отурукташкан аймагы, түштүк-батышында Фергана, батышында көчмөн каңгүй элинин (балким, түрк эли каңлы) ээлиги болгон. Усундар Фергананын түндүк-чыгышында, каңгүйлөр түндүк-батышында жашагандыктан, алардын ээликтеринин арасындагы чек болжол менен Жети-Суу менен Сыр-Дарыя аймагынын ортосундагы чекке туура келет. Усундардын келип чыгышына кайрылсак, алардын тилинен бизге энчилүү аттар менен титулдар гана, ал дагы кытай транскрипциясында жетип, алиге чейин бир да лингвист тарабынан изилдене элек (биз көп кайталануучу ми мүчөсүнө гана көңүл бура алабыз); алардын сырткы кейпи жөнүндө кытай жазуучусу Шы-гунун соңку мезгилдеги (б.з.УП к.) төмөндөгүдөй далилдерин көрөбүз: «Усундардын кебетеси батыш аймактагы чет элдиктерден кыйла айырмаланып турат. Көгүлтүр көздүү жана сары сакалчан, маймылга окшош азыркы түрктөр чыны алардын укум-тукумдары». Албетте, Абель-Ремюзадан баштап Клапротко чейинки баштагы ориенталисттер болжолдогондой усундар арийлер болгонбу, же академик В. В. Радлов жана түрктөр жөнүндөгү эң жаңы изилдөөлөрдүн автору Н. А. Аристов болжогондой түрктөрбү деген маселени чечүү үчүн бул өтө аз.
 
Усундардын конуштары негизинен Жети-Суунун талаа-түздүктүү бөлүгүн ээлегендиктен кытайлар алардын жерлерин текши жана чөптүү дешет; ошондой эле өлкөнүн климаты суук жана жаанчыл экендиги айтылат. Тоолору ийне жалбырактуу дарактарга чулганган. Элинин саны 120 000 түтүн, же 630 000 жан деп аныкталат; усундар аскерге бир эле учурда 188 800 адам чыгара алышкан. Борбору, же туурасы, усундардын башкы ордосу Чигу, кыязы, Ысык- Көлдүн түштүк-чыгыш жээгинде болгон, анткени кытайлар аны Ак-Суудан түндүк-батышка, Фергананын борборунан 2000 ли түндүк-чыгышка жана каңгүй ээликтеринин чектеринен 5000 ли аралыкка жайгаштырышат. Чигу шаары б.з. VII кылымындагы кытай маршруттарында Бедел ашуусунан болгону 50 ли аралыкта турат деп эскерилет; бирок бул маршрут негизинен абдан кумөндүү жана кандайдыр бир синолог тарабынан жаңы изилдөөнү талап кылат. Аристов мырзанын Чигу Кызыл-Суунун дал жээгинде болгон деген ынандыруусу эмнеге негизделгенин биз билбейбиз. Башка жагынан алганда, Аристов мырзанын усундар сыяктуу көчмөн элдердин курулуштарынын издерин азыркы учурда издөө эч пайдасыз деген пикирине макул болбой коюуга болбойт. Ошондой эле, айрым учурларда азыр да айтыла калып жүргөндөй, Ысык-Көлдүн жээктеринде же түбүндө сакталып калган байыркы эстеликтердин бардыгын усундарга таңуулоого эч негиз жок. Биз усундардын аты да эбак жок болуп кеткен мезгилде Ысык-Көлдө шаарлар жана чептер болгондугун көрөбүз.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Усундар" булагынан алынды