Олжобай Каратаев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
24-сап:
[[File:Prof. Oljobay Karatayev in Osh, Kyrgyzstan. 10 November 2014.JPG|thumb|left|Профессор Олжобай Каратаев [[Ош шаары|Ош шаарында]] уздардын эмгеги менен таанышууда. 2-октябрь, 2014-жыл.]]
 
1994-жылы ономастика, тарых жана этнография (этнология жана антропология) жаатында кыргыз тилиндеги эң алгачкы кандидаттык [[Диссертация|диссертациясын]] жактап (Кыргыз тарыхы, этнография жана түрк тилдери шифрлери менен), тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган. Анын илимий жетекчиси жана устаты - т.и.д., профессор '''Тынчтыкбек Чороев ([[Чоротегин, Тынчтыкбек Кадырмамбетович|Чоротегин]])'''. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин Тарыхы жана чөлкөм таануу факультетинде (Азия жана Африка өлкөлүнүн тарыхы кафедрасы) иштеп жүрүп докторлук диссертациясын жазуусун аяктаган. Ошол эле аталган факультеттин "Чөлкөм таануу" бөлүмүн, андан соң кафедрасын бир катар жылдар жетектеген, Кыргыз Улуттук университетинин биринчи проректору болуп иштеген. <br>
 
2004-жылы [[Бишкек]] шаарында (Кыргыз УИАсынын Тарых институту) доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган. Илимий кеңешчилери тарых илимдеринин доктору, профессор Чороев Т.К. (Чоротегин), тарых илимдеринин доктору, профессор Э.Ж.Маанаев. Андан соң, Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык комиссиясынын чечими менен "профессор" даражасын алган. Кыргыз Республиккасынын Эл агартуусунун отличниги. <br>