Олжобай Каратаев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
8-сап:
|-
|}
'''Каратаев, Олжобай Кубатбекович''' ({{lang-en|''Oljobay Karatayev''}}); 1963-жылдын 23-августунда туулган - заманбап [[кыргыз]] [[Тарыхчы|тарыхчысы]] жана [[Этнограф|этнографы]], түркологу, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008). Учурда, б.а. 2015-жылдын август айынан тартып, [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] Кастамону шаарынын Кастамону мамлекеттик университетинде [[профессор|Фен Адабият фркультетинде профессорлук]] кызматын аркалоодо.
 
Азыркы [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] [[тарых]], [[түркология]], [[ономастика]] жана [[этнография]], Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты тармагында иштеген адистердин бири. [[Кыргыз]] жана [[түрк]] эн тамгалары боюнча ири адис. Кыргыздардын уруулук курамы, этномаданий, этносаясий тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Кыргыздардын этностук тарыхы, этногенези, кыргыздардан бөлүнүп чыккан бүгүнкү этностук азчылыктар боюнча изилдөөлөрдүн, бир катар сөздүктөрдүн, глоссарийлик эмгектердин автору. Диссертациялык ишти (илимдин кандидаттык диссертациясы) тарых илиминде эң биринчи болуп [[Кыргыз тили|кыргыз тилинде]] жазып, коргогон (1994). Энциклопедиялык маанидеги жарык көргөн эмгектердин автору. Учурда [[Кыргызстан|Кыргызстандын, түрк элдеринин]] тарыхы боюнча жазылып жана изилденип жаткан ири илимий Проектердин катышуучусу, Редакторлук Кеңештердин мүчөсү. Бир катар Эл аралык илимий Проектердин катышуучусу.