Нарынбаева, Нуржан Осмон кызы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
Белги: 2017 source edit
Белги: 2017 source edit
40-сап:
==Илимий жана публицисттик чыгармачылыгы==
Н.НарынбаенваНарынбаева 2018-жылы 26-октябрда [[Бишкек]] шаарында «Мифотворчество в эпической поэзии кыргызов» -- "Кыргыздардын эпикалык поэзиясындагы уламыш жаратуу өнөрү" деген темада докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Нарынбаева Нуржан Осмон кызы КР УИАдагы өзү иштеген институттун илимий изилдөө иштерине ургаал катышып, «Токтогул» (2014), «Алыкул» (2015), «Саякбай» (2015), «Сагымбай» (2016), «Айтматов» (2017) энциклопедияларын түзүүдө бир нече макала, илимий аннотация жазып, айрым макаларды орус тилинен которуп, аталган энциклопедиялардын негизги түзүүчүлөрүнүн бири болгон.

Ал Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөттүк программасынын алкагында «Залкар акындар» сериясынын 8-томун «Балык, Солтобай, Жаныш жана совет доорундагы айрым төкмө акындар» жыйнагын (Б, 2016) түзгөн.

Ал «Эл адабияты» сериясынын 19-томун «Санат, насаат ырлары» (Б., 2016) жыйнактарын түзгөн. Ушул эле «Эл адабияты» сериясынан «Миф. Уламыш. Аӊыз. Санжыра уламышы» аталган 26-томду түзүп, баш макаласын жазган.

Ал «Эл адабияты» сериясынан «Нарын өрөөнүнөн жыйналган фольклордук-этнографиялык материалдар» (Б., 2018) китебин, «Классикалык изилдөөлөр» сериясынын «Манас» бөлүгүнүн 1-китебин, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү долбоорунун алкагында уюшулган диалектологиялык, фольклордук-этнографиялык Экспедиция материалдарынын 2-китебин (Б.,2017) түзгөн.

==Педагогдук чыгармачылыгы==