Тайлак баатыр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
Тайлак баатыр
 
''Тайлак РыскулДөөлөт уулу'' (болжол менен 1796-жылы Нарын дайрасынын боюндагы Каргалык деген жер, азыркы Акталаа жана Тогуз-Торо райондорунун чеги - 1838-жыл, Куртка) – XIX кылымдын биринчи жарымындагы кыргыз элинин көз карандысыздык үчүн болгон кыймылынын ири ѳкүлү жана айтылуу "Качке" баатырдын небереси.
 
XIX кылымдын 20-жылдарында Тайлак баатыр жетектеген кыргыз уруулары Чыгыш Түркстандын иштерине да аралаша башташкан. Ушул мезгилдерде Кашкарды башкарып келген кожолордун укум-тукумдарынын Жааңгер кожо Кытай баскынчыларына каршы чечкиндүү аракеттерди баштаган. Бирок анын биринчи жортуулу ийгиликсиз аяктап, ал кыргыздар арасында баш калкалоого аргасыз болгон. Тайлак баатыр менен Атантай Жааңгер кож Жааңгердин кыймылына колдоо көрсөткөн. Анткени алар кытай баскынчыларын кыргыз аймактарына ѳткѳрбѳѳнү көздөшкөн. Кытайдын Синьцзяндагы башкаруучусу Жааңгерди колдогон кыргыздарды талкалап, жетекчилерин кармап келүү үчүн 1825-ж. Баян Бату генерал баштаган 500 кишиден турган аскерин Нарын тарапка жѳнѳткѳн. Алар Тайлак баатыр жокто анын айылын курчоого алып, талап-тоноп, жүздѳй адамды өлтүрүшкөн. Бул кабарды уккан Тайлак баатыр коңшу айылдардан шашылыш кол курап, душманды куугунтукка алып, Арпа менен Нарындын ортосундагы Ойнокжар капчыгайында камоого алып, алардын баарын кырып таштаган.