Румыния: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ EU-Romania.svg
No edit summary
22-сап:
Румыниянын экономикасы орточо деңгээлде өнүккөн, рыногу өнүгүп келе жаткан өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 255,4 млрд (АКШ) долларды түзөт (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 11,5 мин доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 52,6, өнөр-жайдыкы 35,0, айыл-чарбаныкы 12,4. 2007-ж. 58,3млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн. Башкы өнөр-жай тармактары: транспорттук машина (автомобиль, локомотив жана вагон) жана станок куруу, электроника, электр-техникалык, кара жана түстүү (аллюминий, жез, свинец, цинк) металлургия, химиялык, нефть ажыратуу, текстиль, булгаары- бут кийим, тамак-аш-татымал (сүт, эт, ун ж. б.), жыгаччылык. Аскер жана согуш техникаларын чыгаруу өндүрүшү иштейт. Айыл-чарбасында өсүмдүк өстүрүүчүлүк, жашылчачылык жана жүзүмчүлүк өнүккөн. Жүгөрү, буудай, күн карама, кант кызылчасы айдалат. Кой, бодо мал, чочко асыралып, үй куштары багылат. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 198,8 (анын ичинде 60ы асфальтталган), темир жолунуку 10,8, газ түтүгүнүкү 3,6, нефтиники 3,6 (2009). Дунайда кеме жүрөт. Негизги порттору: Галац, Брэила, Тулча, Журжу. Башкысы – Констанца. Сыртка текстиль, булгаары-бут кийим, машина жана анын жабдууларын, металл жана андан жасалган буюмдар, жыгач, мин. сырьё, химикаттар жана азык-түлүк чыгарылат. Негизги соода шериктештери: ЕСке кирген өлкөлөр, Германия, Италия, Франция жана Түркия. Чет элдик туризм (2008-ж. 7,1 млн турист келген) өнүккөн.
Билим берүү тармагы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү акысыз башталгыч жана орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Мамлекеттик окуу жайларда окутуу акысыз. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 92% ти түзөт (2013). ЖОЖдорунун көбү Бухарест, Яссы, Тимишоара шаарында жайгашкан, анын ичинде Бухарест Академиясы (1864), Брашов (1916), Вабес-Болья (1920) жана Бухарест политехникалык (1818) университеттери сыяктуу ири окуу жайлары, илимий мекемелери, музейлери жана ири китепканалары бар.
Массалык-маалымат каражаттары. «Зори», «Эра», «Мунка», «Процесс», «Медицина» ж. б. бир нече гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1925-жылдан, телекөрсөтүүсү 1953-жылдан, Басма сөз агенттиги 1949-жылдан иштейт.<ref>[https://gsl.org/ru/press-center/press/rumynija-novyj-lider-evropejskogo-nalogovogo-planirovanija/ Салыктык пландоонун өзгөчөлүктөрү]</ref>
==Адабияты==
Румын элдик оозеки адабияты бай жана ар түрдүү. Жазма адабияты алгач славян тилинде пайда болгон. Румынча жазма адабияттын туңгуч үлгүсү – «Инжил» (1561). 18-кылымдын 1-жарымына чейин диний адабият жана жыл баян жазуу өнөрү кеңири таралган (Г. Уреке, М. Костин, Й. Некульче ж. б.). Д. Кантемир туңгуч сатиралык чыгармаларды жараткан. 18-кылымда улуттук Кайра жаралуу агымы пайда болгон (С. Мику-Клейн, Г. Шинкай, П. Майор.). 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында акындар Енэкице, Алеку, Николае Вэкэрескулардын лирикалык ырлары жана Й. Будай-Делянунун «Цыганиада» поэмасы жаралган. В. Крылова, Й. Элиаде-Редулеску, A. Руссо, К. Негруцци сыяктуу жазуучулардын чыгармаларына 1848-жылдагы революция менен байланышкан революциячыл-романтикалык белгилер мүнөздүү. Жогорудагы тенденциялар 19-кылымдын 2-жарымында Н. Филимон, Й. Славич, М. Эмунеску, Ж. Кошбук ж. б. жазуучулардын чыгармаларында андан ары өнүктүрүлүп, реализмдин калыптанышына өбөлгө түзгөн. 20-кылымдын башындагы сын реализминин өнүгүшүндө «Вьяца ромыняске» журналы зор мааниге ээ болгон. Анда Ж. Кошбук, Й. Л. Каражале ж. б. эмгектенген. 1-дүйнөлүк согуштан кийин румын адабиятынын ири өкүлдөрү М. Садовяну, Л. Ребряну, Ч. Петреску, К. Петреску, Т. Аргези, Л. Раля сыяктуу жазуучулар сын реализминин өсүшүнө чоң салым кошкон. 30-жылдары пролетардык адабият пайда болгон (А. Сахия, Ж. Богза ж. б.). өлкө фашизмден бошотулгандан кийин (1944) адабияты социалдык реализм нугунда өнүгө баштаган. Улуу муундагы М. Садовяну, Ч. Петреску, кийинки муундагы 3. Станку, М. Преда, М. Бануш, А. Баранги, X. Ловинеску ж. б. акын-жазуучулардын, драматургдардын чыгармаларында Румыниянын жаңы турмушу, социалдык өзгөрүштөр чагылдырылган. Румын адабиятына жазуучулар – Д. Попеску, Ф. Нягу, Н. Веля; акындар – Н. Стэнеску, М. Сореску, Ана Бландиана ж. б. кошулду.
41-сап:
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
== Жазуулар ==
[[Категория:Румыния| ]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Румыния" булагынан алынды