Ооганстан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кайра 348415 жокко Zanavahidiha (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
24-сап:
[[Файл:Taliban-herat-2001 ArM.jpg|thumb|upright|[[Талибан]] (2001).]]
 
1992-жылы апрелде козголоңчулар Кабулду басып алышты. 1992-жылы апрелде өлкө Ооганстан Ислам Мамлекети деп аталып, бийлик моджахеддердин жетекчилеринин колуна өткөн. Ошол эле жылдын декабрында өлкөнүн президенттигине Б. Раббани шайланган. 1990-жылдын ортосунда Ооганстандын саясий аренасында «[[Талибан]]» кыймылы (пакистандык медреселерде даярдыктан өтүшкөн жаш ооган исламчыл-радикалисттердин тобу) активдеше баштайт. 1994-жылы «Талибан» бирикмелери Кандагарды, 1996-жылы Кабулду ээлешип, ээлеген аймактарын башында молдо Омор турган Ооган Ислам Эмираты деп жарыялашкан. Талибдер өлкөдө катуу теократтык режимди орнотушкан. Талибан кыймылына каршы [[Ахмад шах Масуд]] жетектеген Түндүк альянстын күчтөрү турган. Ахмад шах Масуддун өлтүрүлүшү (9. 9. 2001) жана АКШдагы массалык террордук актылардын ([[2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдар|11 сентябрь 2001]]) уюштурулушуна У. бен Ладен күнөөлөнүп, 2001-жылы АКШ башында турган антитеррордук коалициялык күчтөр Ооганстандагы талибдердин режимин кыйраткан. 2001-жылдын аягында Бонн шаарында Аганстандын саясий күчтөрүнүн конференциясы болуп өтүп, [[Хамид Карзай]] жетектеген Убактылуу администрациясы түзүлөт. 2002-жылы Лоя Жирганын отурумунда Убактылуу (Өткөөл) өкмөт түзүлүп, X. Карзай мамлекет жана өкмөт башчысы болуп шайланат. 2004-жылы январда жаңы Конституция кабыл алынып, X. Карзай президент болуп шайланат. «Талибан» кыймылынын айрым бөлүктөрү X. Карзайдын жана эл аралык антитеррордук күчтөргө каршы күрөшүн улантып келпшүүдө. Ооганстандын айрым провинцияларында бийлик номиналдуу түрдө гана өкмөткө баш ийишкен моджахеддердин талаа командирлерине таандык бойдон калууда.
 
==Экономикасы==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ооганстан" булагынан алынды