Жыпар Жекше: нускалардын айырмасы
Жаңы макала Белги: 2017 source edit |
(Айырма жок)
|
21 июль 2020, саат 01:20 учурдагы нуска
Жыпар Жекше (Жыпар Жекшеевич Жекшеев; 26.5.1947––21.7.2020) –– Кыргызстандагы белгилүү коомдук ишмер, “Ашар” жана КДК уюмдарынын негиздөөчүлөрүнүн бири, мурдагы парламент депутаты, публицист, кесиби боюнча сүрөтчү. Ал "Даңк" медалынын ээси болгон.
Кыскача өмүр таржымакалы
Жыпар Жекше 1947-жылы 26-майда Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.
СССРдин аскер деңиз күчтөрүндө Мурманск шаарында кызмат өтөгөн.
Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.
Жыпар Жекше 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.
Ал Кыргызстандын эгемендик алуу үчүн күрөшүнө бараандуу салым кошкон. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.
Кийинчерээк, КДК табигый ыдырай баштаганда, 1993-жылы ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.
Ж.Жекше 1995––2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.
2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тартып ал Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.
2007––2009-жылдары Жыпар Жекше Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген.
2009-жылы ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин бири болгон.
2017––2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.
Жыпар Жекше 2020-жылы 21-июлга караган түнү Бишкектеги улуттук ооруканада өпкө кагыны оорусунун айынан каза болду.
Чыгармачылыгы. Публицистикалык эмгектери
Жыпар Жекше Кыргызстандын "Кайра куруулар" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган.
Үй-бүлөсү
Жыпар Жекшенин жубайы –– Мира Усубакунова.
Уулдары –– Адилет, Азамат, Айбек жана Азият; кыздары –– Аэлита менен Аида.
Ата-бабалары: атасы – Жекше, чоң атасы – Эсенкожо, чоң чоң атасы – Токтосун.
Энеси – Канышай Абдрахман кызы Эсенкожоева.
Сыйлыктары. Наамдары
- Кыргызстандын “Даңк” медалы,
- “Манас–1000” эстелик медалы,
- Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Чыгармаларынын кыска тизмеси
- Чындык бир гана өзүңдө. –– Бишкек, 1997. –– 260 б.
- Атуулдук биримдикке чакырам. –– Бишкек, 2003. –– 110 б.
- Нам нужен гражданский союз. –– Бишкек, 2003. –– 96 стр. (орусча).
Интернеттеги шилтемелер
- https://www.azattyk.org/a/jypar_jekshe_death_21-7-2020_news/30738193.html
- https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_ussr_1989_ashar-movement_blog_tch_ky/30060210.html
- https://www.azattyk.org/a/kdk_30th-anniv_ussr_kyrgyzstan_1990_blog_mj_ky/30632873.html
- https://www.azattyk.org/a/30269244.html
- https://24.kg/obschestvo/134797_jyipar_jeksheev_pokinul_post_glavyi_nablyudatelnogo_soveta_otrk_ivyishel_izsostava/
- https://ru.sputnik.kg/spravka/20170522/1033482699/biografiya-zhypara-zheksheeva.html
- https://centrasia.org/person2.php?st=1176138590