Марк Уолберг: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary |
Vilho-Veli (талкуу | салымы) File |
||
1-сап:
[[File:Mark Wahlberg, 2012.jpg|thumb|Mark Wahlberg]]
'''Марк Роберт Майкл Уолберг''' ({{lang-en|Mark Wahlberg
}};1971-жылы 5-июнда туулган) - америкалык актер, продюсер, ишкер, мурдагы модель жана рэпчи. Ал чыгармачылыгынын алгачкы жылдарында "Marky Mark and the Funky Bunch" хипхоп тобундагы рэпчи Marky Mark катары таанылган. "[[Адамдар үчүн музыка]]" (англ. Music for the People) жана "Сен ишенишиң керек" (англ. You Gotta Beleive) деген музыкалык альбомдорду жарыкка чыгарган. Уолберг 1990-жылдарда актерлук кесипке ооп, "Буги бий түнү" (англ. Boogie Nights), "[[Үч падыша]]" (англ. Three Kings) тасмаларына тартылган. 2000-жылдарда актер "[[Күчтүү толкун]]" (англ. The Perfect Storm", "[[Маймылдар планетасы]]" (англ. Planet of the Apes), "Италиялыкча карактоо" (англ. The Italian Job),жана Мартин Скорсезенин "Чегингендер" (англ. The Departed) тасмаларында ойногон. 2010-жылы "Башка достор" (англ. The Other Guys) комедиясында Уилл Феррелл менен бирге тартылган. Ал продюсер болгон "[[Балбан]]" (англ. The Fighter) тасмасы "Эң мыкты фильм" номинациясында "[[Оскар]]" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Актер " Тед" (англ. Ted), "[[Жалгыз тирүү калган]]" (англ. Lone Survivor), "Жан талашкандар" (англ. Pain & Gain) жана "[[Трансформерлер: Жок кылуу доору]]" (англ. Transformers: Age of Extinction, Deepwater Horizon) жана "Патриот күнү" (англ. Patriots Day) тасмаларында дагы роль аткарган.
|