Исаев, Кусеин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
мNo edit summary
Белги: 2017 source edit
2-сап:
'''Исаев Кусеин''' (1937-ж. т., [[Ысык-Көл району]], [[Бостери, Ысык-Көл району|Бостери айылы]]) — [[Экономика|экономист]], [[Социология|социолог]], [[философия]] илимдеринин доктору (1984), профессор (1985).

1955-ж. КМУну (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУну) бүтүргөн.

1961—62-ж. КМУнун саясий экономия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу.

1969—87-ж. [[Бишкек]] политехника институтунун илимий коммунизм кафедрасынын башчысы, 1987-жылдан ошол эле кафедрада профессор, cоциология жана инженердик психология лабораториясынын башчысы.

1993-жылдан тилдер жана гуманитардык илимдер мамлекеттик институтунун (1994-жылдан Бишкек гуманитардык университети) социология жана саясатты таануу кафедрасынын башчысы, 1994-жылдан Башкаруу жана социология факультетинин деканы.

Исаев Кусеин 140тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору. Илимий изилдөөлөрү кыргыз коомунун социалдык маселелерине; социалдык түзүлүштүн, улуттун, билимдин, жаштардын, саясаттын социологиясына арналган.

[[Кыргыз Республикасы]]нын социологдор коомунун төрагасы (1991), Эл аралык социологдор ассоциациясынын ынтымакташтыгынын вице президенти (1993). «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

== Туугандары. Үй-бүлөсү. Шакирттери ==

Профессор К.Исаевдин бир тууган агасы таанымал географ, профессор Акыбай Исаев болгон.

== Колдонулган адабияттар ==