Куялы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
 
1-сап:
'''Куялы''' — [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосундагы каарман]], эпикалык баатыр, алп кыз. [[Саякбай Каралаев|Саякбай Каралаевдин]] вариантында «Сейтектин» көлөмдүү окуяларынын бири Желмогуз уулу Сарыбайдын окуясына катышкан баатыр, эпостун идеялык-көркөмдүк негизинде өзүнчө орунга ээ. Эпостун бул бөлүмүндөгү негизги каармандар [[Семетей|Семетей,]] [[Сейтек|Сейтек,]] [[Күлчоро|Күлчоро,]] [[Айчүрөк]] экендиктерине карабастан, «Сейтектеги» баатыр аялдардын ичинен К-нын эрдиги өтө көтөрүңкү маанайда поэтикаланып, анын кайрат-күчү эр азаматтардыкынан алда канча ашыкча көрсөтүлөт. Семетей, Сейтек, Күлчоролор күндөп-түндөп согушуп жеңе албаган коркунучтуу душман Сарыбайды жеңип чыгат. Муну менен баатыр уулдардан калышпаган эр жүрөк кыздарына элдин зор урматы билдирилет. К. негизинен согуш учурунда сүрөттөлгөндүктөн анын мүнөзүнүн жоокердик жагына басым күчтүү жасалып, аялдарга таандык сулуулугу, назиктиги баатырдыгы менен эриш-аркак сыпатталат. Анын образы көбүнчө эпикалык баатыр катары салттык мотивдер менен жабдылат. Ал да баласыз ата-эненин көпкө чейин зарлап тилегенинен кийин перинин кыздары оюн курган жерден кайыбынан табылат. Атасы Кайып чал байыркы салт боюнча кызы алтыга чыкканда гана чоң той берип, ат койдурат.
 
К. да эпикалык башка баатырлардай эле өтө эртелеп эрдик көрсөтөт. Жети жашка чыкканда эле: «Кан шимирип катыгып, Кыз арстан атыгып» баатырдыгы, балбандыгы белгилүү болот. Он үч жашында атасынын ордун басат. Эпостогу байыркы энелик доордун айрым белгилери да ушул К-нын образынан учурайт. Мындай эпикалык алп баатыр кыздардын образы дүйнө элдеринин эпосторунда өтө көп жолугат. В. М. Жирмунскийдин сөзү менен айтканда: «энелик доордун турмуштук мамилелеринен келип чыкса да, жоокер-кыздардын мындай тиби варвардык доордун аталык-уруулук коомунда да сакталат (мисалы, Европада байыркы кельттер менен германдыктарда); ошону менен катар жоокер кыздар феодалдык мамилелердин өнүгүү жана аялдар теңсиздигин алып келген мусулман идеологиясынын таралуу алдындагы мезгилдердеги көчмөн түрк урууларынын жоокердик турмушунда да кеңири белгилүү болгон» (Тюркский героический эпос. — Л., 1974, 39-б.). Демек, К-дай алп кыздардын образынын келип чыгышы жана салтка айланышы өтө узакка созулган татаал процесс. «Ал кандайдыр бир чукулунан гана табыла каганкалган образ эмес, поэманын бүткүл идеялык агымы менен даярдалган образ» (К. Асаналиев). Бул каарман, биринчиден, эпостун элдүүлүгүн арттырса, экинчиден, анын зарыл турмуштук жагдайга жараша аткара турган өзүнө ылайык милдети бар. Саякбайдын «Сейтегинде» гана берилген алп кыз К. — апыртылган жомоктук белгилери бар, ата-бабанын адилет иши, эли-жеринин эркиндиги үчүн каны-жанын аябаган эпикалык баатыр. Анын образынын эң башкы касиети жоокерге таандык баатырдык мүнөз:
 
Олоңдой болгон кайран чач
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Куялы" булагынан алынды