Кегети өрөөнү: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
'''Кегети өрөөнү''' - [[Кыргыз Ала-Тоосу|Кыргыз Ала тоосунун]] түн. кап талында, [[Кегети]] суусунун алабын ээлейт. [[Чүй району|Чүй районун]]аймагында. Уз.35 км, таманынын жазы жери ([[Чүй өрөөнү|Чүй өрөөнүнө]] чыга бериште) 3–4 км, кууш жери (ортоңку бөлүгүндө) 400–600 м. Өрөөндүн ооз (түн.) тарабы деңиз деңг. 1400 м, төрү 3600 м бийиктикте жайгашкан. Эрозиялык жана де-нудациялык процесстерден пайда болгон. Көп бөлүгү V формасында. Таманында төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектери жокко эсе. Кегети өрөөнүнүн ландшафтына бийиктик зоналуулук мүнөздүү. Анда талаа жана шалбаалуу талаа, бийик чөптүү шалбаа бадал аралаш, субальп, альп шалбаасы мүнөздүү. Бийик чөптүү шалбаа аралаш өскөн карагай токою, аскалуу тоо беттери өрөөндүн табиятына өзгөчө кооздукту берип турат. Баш жагында Көл-Төр көлү жана [[Кегети шаркыратмасы]] бар. Кегети аркылуу Чүй жана Кочкор өрөөндөрүнө мал ашырылат.