"Антисептика" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

fixclear
No edit summary
Белгилер: Мобилдик оңдоо Мобилдик версиясынан оңдоо
(fixclear)
'''Антесептика,''' (лат.[[Латын тили|латынча:]] anti — каршы, septicus — чирүү) — жараатты таңууда жана аны тазалоодо, керектелүүчү нерселерди зыянсыздандыруу чаралар комплекси., жараатка түшкөн бактерияларга каршы, ошондой эле дарылоого.
== Антисептика ==
'''Антисептика''' — жараатка түшкөн бактерияларга каршы, ошондой эле дарылоого.
 
== Асептика ==
Антисептика пайда болгонго чейин [[хирургия|хирургиялык]] дарылоодо өтө көп кабылдоолор болуп, операциядан кийинки тилме, гангрена, сепсис көп кезиккен. Мындай кабылдоолордун кесепетинен кээ бир ооруканаларда хирургиялык операциялар убактылуу токтотулган. Ал убакта мындай инфекциялык кабылдоолорду микробдор пайда кыларын билишкен эмес, кабылдоо кандайдыр бир оору пайда кылуучу «миазмдан» болот деп түшүнүшкөн.
 
== Миазм ==
Миязм бул дүйнөдөгү баардык эң жакшы эркелеткен сөздөр
«Миазмды» хирургдардын өздөрү жуктуруп жатканы ойго да келген эмес; операция жана таңуу убагында гигиеналык эрежелер бузулган.
Инфекциялык кабылдоолордун себебин ошол убакта венгриялык акушер И. Земмельвейс жана орус хирургу Н. И. Пирогов туура түшүнүшкөн. Н. И. Пирогов «миазм» сезгенген жараатта пайда болуп, аны ириңдетип, шишитип, жарааттан абага бөлүнүп, башка оорулуунун жараатын, ошондой эле таңгыч материалдарды булгарын айткан. И. Земмельвейс төрөттөн кийинки сепсистин козгогучу төрөт үйүнүн абасынан эмес, төрөтүп жаткандардын колунан жугарын эске алып, колду жана аспаптарды [[хлор]] [[акиташ|акиташынын]] эритмеси менен тазалоону сунуш кылган. Мындан кийин бул оору кескин азайган.<br />
Миязм бул дүйнөдөгү баардык эң жакшы эркелеткен сөздөр.
 
== Л. Пастер далилдөөсү ==
1863-ж. [[Франция|француз]] микробиологу Л. Пастер ачуу жана ириңдөө микроорганизмдердин тиричилик аракетинен болорун далилдеген. Англис хирург Д. Листер Пастердин изилдөөлөрүнүн жана өзүнүн байкоолорунун негизинде операциядан кийинки инфекциялык кабылдоолорду жаратка түшкөн микроорганизмдер пайда кылат деген жыйынтыкка келип, аларга каршы антисептика деп аталган, теориялык негизделген чараларды сунуш кылган (1867).<br />
== Бактерицид ==
Бактерициддик (микробго каршы) каражат катары карбол кислотасы колдонулган. Анын эритмеси менен аспаптар, операция алдында хирургдун колу тазаланган, күчтүү чачыраткыч менен операция бөлмөсүнө чачыратылган. Бул метод өтө натыйжалуу болуп, тез тараган. Бирок карбол кислотасы микробду өлтүргөнү менен уу болгондуктан, жарааттын ткандарын өлтүргөн, аны менен дем алганда жалпы ууланууну пайда кылган. Бара-бара уусу аз антисептик каражаттар табылып, микробду зыянсыздандыруунун жаңы жолдору иштелип чыкты.
== Колдонулган адабияттар ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
* [https://tyup.net/page/antiseptika Расмий сайты]
 
https://tyup.net/page/antiseptika
 
[[Категория:Медицина]]
298

edits