Америка Кошмо Штаттары: нускалардын айырмасы

м
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
743-сап:
АКШда билим берүү мамлекеттик жана менчик болуп бөлүнөт. Ар бир штат өзүнүн билим берүү мыйзамдарына жана башкаруу органдарына ээ. АКШда билим берүү 6 жаштан башталып, 12 жылга созулат да, үч баскычтан турат (жөнөкөй мектеп - 6 жыл, кенже орто мектеп - 3 жыл, жогорку орто мектеп - 3 жыл). Мектепти бүткөндөр орто билим жөнүндөгү диплом алып жогорку окуу жайларга тапшырат. Кесиптик-техникалык билим берүү «Коммунити Коллежес» базасында жүзөгө ашат. Жогорку билим алуу көпчүлүк учурда 4 жылга (бакалавриат) созулат. Билимин улантуучулар магистратурада (12-ж.) окуйт. Белгилүү окуу жайлары: Гарвард (1636-ж. негизделген), Пенсильвания (1740), Пристон (1746), Йель, Нью-Хейвен, Колумбия (1868), Иллинойс (1867), Калифорния, Корнелл, Чикаго университеттери, Масачуссетс техникалык институту ж. б. Ири китепканалары: Вашингтондогу Конгресс китепканасы, унниверситеттер китепканалары, НьюЙорктогу улуттук китепканасы (1845), Чикаго (1872), Бостон (1852), Лос-Анжелес (1872), Кливленддеги коомдук китепканалар ж. б. Дүйнөлүк мааниси бар музейлери: Улуттук, космонавтика жана абада учуу (1946), улуттук искусство галереясы, улуттук көркөм искусство коллекциясы (1846), Вашингтондогу улуттук портрет галереясы (1962), Нью-Йорктогу жаңы типтеги искусство, Нью-Йорктогу метрополитен, Бостондогу көркөм искусство, Чикагодогу табигый-тарыхый, Виргиния штатындагы деңиз ж. б. музейлер. АКШда басма сөз, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү жеке менчикте. Биринчи гезит «Паблик Окьюренсис: Боуз Форинг энд Доместик» 1690-ж. жарык көргөн. Бүгүнкү күндө АКШда гезиттер жалаң гана кагаз бетине түшпөстөн, электрондук булактар аркылуу (интернет) окурмандарга берилет. Эң көп нускалуу гезиттерге - «Юсей Тудей», «НьюЙорк Таймс», «Лос-Анжелес Таймс», «Вашингтон Пост» ж. б., эң тираждуу журналдарга «Молерн Мэтьюнити», «Ридерс Дижест», «Ти-Ви Гьюоул», «Нэйшнл Джеогрэфи» ж. б. кирет. Компьютердик версияга ээ болгон журналдарга «Тайм» жана «Слайте» (компьютердик магнат Билл Гейтс негиздеген) кирет. Ошондой эле маалымат бюллетендери чыгып турат. Радиоуктуруулар АКШда 1920-жылдан башталган. Азыр АКШда коомдук 430 жана коммерциялык 1000-10000 радиостанция иш алып барат. 2-дүйнөлүк согуштан кийин телекөрсөтүү башталып, 335 коомдук көз каранды эмес телестанциялар («Эн-Би-Си», «Си-Би-Эс», «Эй-Би-Си», «Фокс», «Ви-Би», «Ю-Пи-Эн» ж. б.) иштейт. Өлкө биринчилерден болуп интерактивдүү (көрүүчү каалаган программаны каалаган убакта көрө алган) телекөрсөтүүнү жүзөгө ашырган. Ири маалымат агентчиликтери: «Ассошиэйтед пресс» (1848) жана «Юнайтед пресс интернэшонал» (1958). АКШда европалыктар отурукташканга чейин индей урууларынын оозеки жана жазма поэзиясы (миф менен жомоктор, эмгек, аскер ырлары) гана болгон. Алгачкы адабий чыгармалары пуритандык диний-моралдык мүнөздө болгон (17-кылым). Американын улуттук адабияты көз каранды эместик үчүн согуштун алдында (1775-83) түптөлө баштаган. Анын калыптанышы демократтар жана агартуучулар - Б. Франклин, Т. Жефферсондун жана революционер-демократ Т. Пейндин ысмы менен байланыштуу. Көз каранды эместик үчүн күрөш идеялары Ф. Френо, Ж. Барлоу ж. б. поэзиясында чагылдырылган. 18-кылымдын аягында негр-акындар өзүлөрүнүн эмгектерин («Негрлердин кулчулугу», 1789; «Отелло, эркин негр») жарата баштайт. Романтизмдин алгачкы доору 1810-30-жылдарга туура келет (В. Ирвинг, У. К. Брайант, Ж. Ф. Купер). АКШда көз каранды эместиги үчүн согуштан кийин алар өзүлөрүнүн буржуазиялык мамилелерге каршы экендигин жана америкалык революциянын идеялары менен турмуш тажрыйбасынын айкалышпаганын көрсөтүшкөн. Кальвинисттик догмалардан эркин романтиктер пуритан үрп-адаттарын, коомдук начар түзүлүштөрдү сүрөттөшкөн. 20-кылымдагы романтизм тарыхы өзүнүн башынан 2 этапты өткөргөн:баштапкы этапта (1810-30) сатиралык жанрдагы жана тарыхый романдар жазылып, 2-этапта (1840-50) адабият чеберлери философиялык. жана социалдык иликтөөлөргө, практикалык моралга, патриархалдык жашоого ж. б. көңүл бурган. Бул мезгилде адабияттын өнүгүшүнө Г. Мелвилл («Моби Дик, кубулган Ак кит»,1851), Н. Хоторка, Э. А. По, АКШнын аболиционисттик адабияттына Торо, Лонгфелло, прозаик Р. Хилдрет, акындар Ж. Р. Лоуэлл, Ж. Г. Уитьер, Ф. Дуглас ж. б. зор салым кошкон. Өлкөдө демократиялык көз караштын граждандык согуш алдында жана согуш учурунда көтөрүлүшү реалисттик тенденциянын адабиятта өнүгүшүнө (Бичер-Стоу, С. О. Жуитт, Ф. Брет, Гарт ж. б. эмгектери) өбөлгө түзгөн. Бул багыттын 19-кылымдагы туу чокусу болуп Марк Твендин («Простаков чет өлкөдө», 1869; «Бейтааныштын сырдуулугу»; «Гельберри Финдин окуялары», 1885) чыгармачыгы эсептелет. 19-кылымдан 20-кылымга өтмө катмарды О. Генринин, Э. Уортондун жана У. Кэсердин чыгармалары түзгөн. Негр адабиятында көрүнүктүү ийгиликке П. Л. Данбара (1876-1906) ж. б. инсандар жетишкен. 20-кылымда америкада реализм сыны жаралат. Бул агымдын көрүнүктүү өкүлдөрү: Ж. Лондон («Темир согончок», «Мартин Иден» ж. б.), Т. Драйзер («Америка трагедиясы»), Э. Синклер («Жунгли») ж. б. Поэзияда Р. Фрейст, К. Сэндберг, Э. Л. Мастерс ж. б. реалисттик мектеп искусство чеберлери көрүнө баштайт. Ошол учурда АКШнын ири драматургу Ю. О’Нилдин (1868-1953) чыгармачылыгы өркүндөй баштайт. Модерндик мектептер пайда болот. Акындар Э. Поунд, Т. С. Элиот жана прозаик Г. Слейн Америка менен коштошуу мазмунунда жазышкан. Согуштун сабактары Э. Хемингуэйдин, Ж. Дос Пассоса, Ф. С. Фицжеральд ж. б-лардын чыгармаларында чагылдырылган. Азыркы учурда коомдук карама-каршылыктар поэзияда каралып, фантастикалык, интеллектуалдык жанрдагы романдар жазылууда.
==Архитектурасы==
[[file:Statue of Liberty Paris 2007-05-29.jpg|thumb|right|[[Эркиндик статуясы]]]]
АКШнын архитектурасы өзүнүн стили жана үрп-адаты боюнча өтө татаал маданият. АКШда алгачкы европалыктар келгенге чейин, америкалык жергиликтүү архитехтуралык салттар өзүнүн образы (пуэбло, хоган, вигвам жана узун вигвам) боюнча калыптанган. Колония болгондон тартып шаарлар курулуп, коомдук имараттар, чиркөөлөр тургузулган. Имараттардын көбүнүн өлчөмү жана түзүлүшү жөнөкөй болгон. Француз архитекторлору жана инженерлеринин долбоору боюнча курулган Жаңы Орлеан шаары гана өзгөчөлөнүп турган. Турак-жайлардын көбү континенттин чыгыш жээгинде курулган. Иммигранттар менен жергиликтүү элдин үрп-адаттарынын айкалышы түрдүү архитехтуралык стилдердин пайда болушуна өбөлгө түзгөн. Жаңы борбор - Вашингтон ш. 1-жолу алдын-ала пландаштыруу (Пьер Шарль Ланфон) боюнча курула баштаган. Капитолий менен агүй гана байыркы рим үлгүсү боюнча курулган. 19-кылымда АКШда урбанизация процесси ургаалдуу жүргөн: шаар кварталдары, турак-жайлар дүркүрөп өсө баштаган. Коомдо романтизм «духунун» үстөмдүгүнүн негизинде кайра жаралган симметриялуу формага жана колоннадага ээ болгон грек, ошондой эле учтуу асимметриялык формадагы жалбырак орнаменттүү готика стилиндеги (Ыйык Патрик собору) архитехтуралардын айкалышуусу жаңы курулуш стилдеринин жаралышына өбөлгө түзгөн. АКШнын түштүк-батыш бөлүгүндө испандык курулуш стили үстөмдүк кылса, калган бөлүгүндө англчандык «коттедж» жана италиялык. «вилла» ж. б. архитехтуралык курулмалар белгилүү болгон. Род-Айленд штатында белгилүү жана өтө кооз сепилдер архитектор Р. Морристин ысмы менен байланыштуу. АКШ архитехтурасында чоюн, болот жана темир-бетон материалдарын кеңири пайдаланып, дүйнөдө алдыга чыккан. Ага мисал, Нью-Йорк штатындагы Бруклин көпүрөсү (архитекторлору - Ж. жана В. Роблингдер). 19-кылымдын 80-ж-нан тартып АКШнын архитекторлору жана инженер-куруучулары Чикаго менен Нью-Йоркто жаңы конструкциядагы «асман тиреген» (небоскрёб) үйлөрдүн курулуштарын баштаган. Алар АКШнын дүйнөлүк архитехтурага кошкон салымы болуп, турак-жай райондорун кескин өзгөрткөн. Алгачкы бийик имарат (небоскрёб - архитектору Луис Генри Салливан) 1884-ж. Чикаго штатында курулган. АКШда 2-дүйнөлүк согуш алдында (1920-30) европалык иммигрант-архитекторлордун таасири астында жергиликтүү үрп-адаттарды четке каккан бир кылка стандарттуу үйлөр курула баштаган. 1960-ж. АКШда постмодерн доору башталып (Майкл Грэйвс жана Фрэнк Генри) жаңы материалдарды жана технологияларды колдонуп, имараттарга кооз формаларды жана жасалгаларды берген. Имараттар канчалык бийиктеген сайын өң палитрасы, орнаменттүүлүгү жана кооздугу байкала баштаган. Бүгүнкү күндө архитехтуралык долбоорлордо эски менен жаңы ыкмалар айкалышкан элементтер колдонулууда.
 
==Сүрөт искусствосу==
АКШда сүрөт өнөрү индейлердин таштарга тартылган сүрөттөрүнөн башталат. Ал өнүгүү жолунда портреттик живописти (колония мезгили), практицизмди (17-18-к.), буржуазиялык рационализмге кош көңүлдүүлүктү (19-к.), реалисттик жана айкын эмес жанрды, ошондой эле модернизм, футуризм жана дадаизм стилдерин өткөргөн. Баштапкы мезгилде АКШда портреттик жана диний живопись иштери күч алса, 18-кылымдын ортосунан Ж. Хесселиус, Ж. Смайберт, Р. Фин колонисттер менен индейлердин образдарын тарта баштайт. 19-кылымда У. Олстондун, Т. Коулдун, Ж. Ф. Кенсеттин «Гудзон дарыясынын мектептери» деген темада пейзаждар тартылат. 20-кда АКШда европалык живопись искусствосунун чеберлеринин жана жергиликтүү каада-салттарды эске алган ири живописчи - реалисттер (У. Хомер, Т. Эйкинс, Ж. Инесс ж. б.) пайда болот. Бүгүнкү күндө турмуштун көрүнүшүн чагылдырган «гиперреализм» («фотореализм») агымы күч алууда. АКШнын живопись искусствосуна зор салым кошкон сүрөтчүлөр: Ж. Беллоуз, Р. Генри, Ж. Пеннелл, Ж. Марин, И. Танги, Ж. Полок, У. Зораж ж. б.
30

түзөтүү