Самын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
19-сап:
Атыр самын (катуу) 77—78% жогорку сапаттагы майдан алынган жана синтетикалык май кислоталардан туруп, ага жыттуу заттар, боёктор, атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Атыр самын менен жуунганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат.
==== Майлуу самындар ====
Мындай самындарга «Косметическое», «Лесная сказка», «Элегия», «Зодиак», «Консул», жана башкалар кирет. «Детское», «Малышам», «[[Сениби, шашпа!|Ну, погоди!]]» жана «Чебурашка» самындарына ланолинден башка терини дүүлүгүүдөн сактоочу бор кислотасы кошулат.
 
==== Дарылоочу самын ====
Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат. «Сульсеновое» самын менен себореяны дарылайт (врачтын көрсөтмөсү боюнча гана), «Дегтярное» составында кара май болгондуктан ар кандай тери ооруларын ([[Себорея|себорея]], [[Экзема|экзема]] жана башкалар ) дарылоо үчүн, «Карболовое» карбол кислотасы болгондуктан [[Дезинфекция|дезинфекциялоочу]] жана жагымсыз жытты кетирүүчү каражат катары колдонулат. Ийне жалбырактуу дарактардан (карагай, арча) алынган «Лесное» самын дарылык жана дезинфекциялоочу касиетке ээ.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Самын" булагынан алынды