Ак бата: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Ак бата''' — Бата сураган бала эки колунун чыпалактарын тийиштире тең кармап, алакандарын бириктире, бетине жакын тутуп, берген батаны аягына чейин күтүп, акырында гана «оомийин» деп, батаны кабыл алдым деген мааниде колун жүзүнө сүртөт. Бата алат. Бата тийген кишини бак жалгайт. Бата оңойлук менен жанбайт. Эгер бата жанса бак тайыйт. Батаны эл-журтка кадыр-баркы бар, көптү билип, көптү көргөн нарк-нускалуу даанышман карыялар, ак элечек байбичелер керек учурда гана берген. Мындай адамдардын батасын алыш үчүн кыйла жыл кызматын кылгандар, алыстан ат арытып атайын келгендер да болгон. Кэ¬эде эл чакырып бата сурашкан. Элдик бата касиеттүү, ыйык эсептелет. Кыргызда «эл керегине жараган киши бол!» - деп ба¬та беришет. Бул бата - кыргызга гана тиешелүү. Ошондой болсо да эл оозунда сакталып келаткан батанын түрлөрү көп.
'''Ак бата'''
Алсак, колго суу куйганда колун жууган киши суу куйган балага «өмүрлүү бол, бактылуу бол! Өркөнүң өссүн! Кудай тилегиӊди берсин! Кудай жалгасын! Тилегиңе жет!» деген батасын берет.
Ал эми ымыркай-уулга: «касиеттүүнүн сөзүнөн сакта, кескинин көзүнөн сакта, акелерине атчы болсун, үкөлөрүнө башчы болсун, жорткондо жолун ач, жоомарт кылып колун ач»;
той ээсине: «керегең кептүү болсун, келиниң септүү болсун, уугуң учтуу болсун, уулуң туштуу болсун»,
күйөөгө узачу кызга же жаңы келген келинге: «кайнатаңды хандай көр, кайненеңди жандай көр, суу сунсаң да сумсайбай, алтын аяк балдай бер»,
эл керегине жарачу мыкты чыкма уулдарына «Теңир телегейиӊди тегиз, бактыӊды эгиз кылсын. Кем болбо, тең бол. Жолуң ачылсын, түбүң түптөлсүн» ж.б. деп бата беришкен.
Батанын касирет-күчү касиеттүү деп эсептелет. Кыргызда кан Кошойдун Каныкейге берген батасы, Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кусейин Карасай уулунун, Аксаамай Кыдыраалы кызынын ж.б. баталары белгилүү.
Тескери (терс) бата деген да болгон, аны ууру-кескилерге, чыккынчыларга ж.б. багытташкан. Ал эми «ырахмат» деген сөз бата эмес, тек гана ыраазычылык билдирүү.
Мисалы, калк кадырлаган аксакал чоң тойдо же салтанатта кыбыланы карап төмөнкүчө бата берген:
 
Атаңдан бото калбасын,<br>
Бата калсын.Эл Сөз зээри<br>
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ак_бата" булагынан алынды