Клеменц Дмитрий Александрович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
Белги: 2017 source edit
Белги: 2017 source edit
19-сап:
Москва географиялык коомунун мүчөсү болуп калат. Д.А.Клеменц Сибирде 15 жыл калат да, аймактын калкынын антропология жана этнографиясын изилдейт, Монголиянын аймактарында да илимий сапар менен болот.

Д.А.Клеменц [[Тыва Республикасы|Тувадагы]] Тере-Хөл көлүндөгү байыркы кыргыздарга (айрым изилдөөчүлөр уйгурларга таандык деп айтышат) таандык Пор-Бажын чебин ачкан. Анын географиялык ачылыштары ИРГОнун сандарына жарыяланып турган.

Д.А.Клеменц Минусинск, Ачинск, [[Красноярск]], Томск, Кяхта, Якутскидеги музейлердин ачылышына катышып, жаодамынжардамын берген.

1898-жылы Д.Клеменц өзүнүн жубайы, кесиби боюнча ботаник Е.Н.Клеменц менен чогуу Чыгыш Теңир-Тоону кезген; ал андан ары Кара-Кожо, Астана, Йар-Хото аймактарын кыдырып, [[Улуу жибек жолу|Улуу Жибек жолунун]] түндүк бутагына кирген аймакта алгачкы археологиялык казуу жүргүзгөн.

Клеменц эски уйгур, кытай, санскрит жазмаларындагы баалуу жазма эстеликтерди, сүрөт келкилерин жана руна сымал жазма тексти чийилген буюмдарды таап, илим чөйрөсү үчүн сактап калган. Анын саякатын Орусия Илимдер академиясы каржылаган. (Мындан он жылдан кийин саякатчы Козлов айтылуу тангут жазма эстеликтер топтомун ушул жактан тапкан).

1902-ж. Санк-Петербургга келген окумуштуу Академиялык этнографиялык Музейдин сактоочусу кызматына орношот.

Д.А.Клеменцти замандаштары жана жолдоштору өтө жогорку эрудициялуу, билимдүү, кең пейил, жолдошторуна жана адамдарга өз жардамын аябаган атуул, окумуштуу жана инсан катары эскеришкен.

[[Чыгыш таануучу]] жана этнограф Д.А.Клеменц 1914-ж. [[Москва]] шаарында дүйнөдөн кайткан.

==Эмгектери==