'''Лексика''' (гр.—сөз, созсөз кезеги, ойду берүүнүн ыгы) — [[Тил|тилдеги]] бардык сөздөрдүн жыйындысы, анын сөздүк составыкурамы. Тилдин сөздүк составындакурамында элдин тарыхы чагылдырылат, турмуш тиричилиги, маданияты, искусствосу менен адабияты берилет. Тарыхтын жылышы менен элдин турмушунда өзгөрүүлөр, жаңылануулар болот, коом турмушунун. айрым көрүнүштөрү эскирип калат, жаңы түшүнүктөрдү туюнтуу үчүн тилде жаңы сөздөр пайда болуп, эскилери колдонуудан чыгып калат. Ошентип, элдин турмушундагы ири окуялар, бурулуштарга жараша жандуу речтен айрым сөздөр чыгып, жаңы сөздөр пайда болуп отурат. Тил жаңы сөздөр, терминдер менен тынымсыз байып турат. Бул процесс көркөм чыгармалардаи орун алат.