Хоккей: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Reverted edits by Slavavsv (talk) to last revision by Billinghurst
Белги: Rollback
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
1-сап:
'''Хоккей''' ([[Англис тили|англ]]. Hockeyhockey) — командалык [[Спорт оюндары|спорт оюну]]. <br />
 
== Түрлөрү ==
Хоккейдин үч түрү (''музда шайба'', ''топ менен'', ''чөптө ойноо'') бар. Биздин өлкөдө негизинен хоккей шайба жана топ менен ойнолот. Хоккейде оюнчу конькиде тез жана жеңил кыймылдагандыктан башка спорт оюндарына караганда оюндун ылдамдыгы жогору болот. Андыктан организмге көбүрөөк күч келет. Ошондуктан оюнчулар тез-тез (1 — 2 мин.) алмашылып турат жана аны менен көбүнчө жаш эркектер ойнойт. Xоккей [[Жүрөк - кан тамыр системасы|жүрөк-кан тамыр]], [[Дем алуу системасы|дем алуу]] жана [[Нерв системасы|нерв системасын]], таяныч-кыймыл аппаратын чыңдайт, күчтүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Өлкөдө хоккей массалык оюнга айланды. Балдардын спорт мектептеринде хоккей менен машыгууну 10—11 жаштан баштаса болот. Короо командаларынын ортосунда «Алтын шайба» байгеси үчүн мелдештер өткөрүлүп, ага миңдеген бала катышат. Хоккей балдардын [[Ден соолук|ден соолугун]] чыңдап, тартиптүүлүккө тарбиялайт. Хоккей ойноп жатканда оюнчулар бири-бирине урунуу, жыгылуу, клюшка, шайба же топ тийүүдөн кырсыкка учурашы мүмкүн. Кырсыктын алдын алууда коргоочу шлем, беткеп, тизеге кийгич колдонуу, музду жакшы даярдоо жана оюнчулар тартипти сактоосу зарыл.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Хоккей" булагынан алынды