Эркиндик статуясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
3-сап:
 
==Тарыхы==
Бүткүл дүйнөгө таанымал [[Америка Кошмо ШтаттарындагыШтаттары]]ндагы "Эркиндик" статуясы аталган штаттардын белгиси болуп келет. Кызыгы, бул статуя Америка континентинде жайгашканы менен, франциялыктар тарабынан жасалган. Аны Париж шаарында франциялык скульптор Фредерик Огюст Бартольди жасаган. Алгач скульптор Суэц каналына "Азия жарыгы" аталышындагы колунда шам кармап турган, аял кишинин келбетиндеги жарык берүүчү статуя коюуну көздөгөн. Статуя деңиздегилерге жол көрсөтүү үчүн коюлмак. Бирок Египет бийлиги статуяны Франциядан ташып келүү алар үчүн өтө кымбат болгондуктан, скульптордун сунушунан баш тартышкан.
 
"Эркиндик" статуясын жасоо идеясы 1865-жылы академик Эдуард де Лабулэге таандык. АКШдагы жарандык согуш түндүктүктөрдүн жеңиши менен аяктаганы академикти шыктандырып, ал өлкөдөгү мамлекттик түзүлүш бүткүл дүйнөгө үлгү болоруна ишенген. Эдуард де Лабулэ статуяны жасоо сунушу менен Фредерик Огюст Бартольдиге кайрылган. Скульптор "Азия жарыгына" колдонгон эскиздик долбоорун колдонуп, "Эркиндик" статуясын жасаган.
23-сап:
 
1886-жылы 28-октябрда Манхэттендин көчөлөрүндө парад орун алып, ошол кездеги АКШнын президенти Гровер Кливленд Франциянын желеги менен жабылган статуяны салтанаттуу түрдө ачкан.
 
[[Категория:АКШ]]