Видео камера: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Кайра 362566 жокко Alexandra Stron (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
 
1-сап:
'''Видео камера''' — сүрөттөлүштөрдү тартып алуучу аппарат. Ал кассеталуу видеомагнитофон менен чогуу жасалып, көтөрүп жүрүүгө ылайыкталган. Мында сүрөттөлүштү жана үндү жазып алууда эни 12,7 жана 8 мм магниттик тасмалар колдонулат. Видео камерада жаңы жазып алынган сүрөттөлүштү көрүү үчүн электрондуу видеоиздегич болот. Кийинки убактарда санарип фотоаппараттар пайда болуп, мында кадимки фотоаппарат электрондук видеотехника менен бириктирилген. Видео камерада жана санарип фотоаппаратта сүрөттөлүштү линза заряддалуучу байланышы бар прибор матрицасына фокус түрүндө багыттайт. Андан соң, сүрөттөлүш видеотасмага, магниттик дискке же компактдискке (санарип фотоаппаратта) жазылат. Видеотасмага жазылган сүрөттөлүштү телевизордон көрүүгө, ал эми сандык фотосүрөттөрдү монитордон көрүп же принтерден чыгарып алса болот.<ref>[https://autotuning.expert/videoregistrator/s-kameroj-zadnego-vida.html Видеорегистратор: түзүлүштүн техникалык мүнөздөмөлөрү]</ref>
[[Категория:Техника]]
==Колдонулган адабияттар==