Валла Лоренцо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Portret van Lorenzo Valla Laurentius Valla (titel op object), RP-P-1909-4359.jpg|thumb|upright|Лоренцо Валла.]]
'''Валла, Лоренцо''' - (Lorenzo Valla) (1407, Рим - 1.8. 1457, ошол эле жер) [[Италия|италиялык]] философ жана логик. Эпикурдун философиясы менен этикасын жактоочу байыркы диний тексттерди сын көз менен илимий-изилдөөгө алгандардын көрүнүктүү өкүлү. «Константин тартуусу» делген документтин биздин замандын 8-кылымынын орто ченинде Рим папасынын канцеляриясы тарабынан чыгарылган жасалма Грамота (император ыйгаруучу бийлик укугу) экенин далилдеп чыккан. Негизги эмгектери: «Эркин эрк жөнүндө», «Кечил аялдардын чиркөөлүк убадасы тууралуу» жана башка Аларда христиан чиркөөсүнүн аскетизмин сынга алып, адам деген турмуш жыргалын жаратууга жана андан ыракат алууга жаралган деп эсептеген.