Иран: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
24-сап:
 
==Маданияты==
Өлкөдө билим берүү мектептен тартып, ЖОЖдоруна чейин акысыз жүргүзүлөт. Ири ЖОЖдору Исфахан, Мешхед, Шираз, Тебриз жана Тегеран шаарларында жайгашкан. 1983-ж. алгачкы жеке менчик университет (Эркин псламислам университети) ачылган. Ири китепканалары: Улуттук китепкана (1935-ж. негизделген), Пехлеви китепканасы (1965) жана ЖОЖдордогу кптепканалар жана башкалар Булардан тышкары, ири мечит, медреселерде китепканалар бар, андан ичкери айрыкча Мешхеддеги Реза имам мечитинин китепканасында 10 миңге жакын байыркы кол жазмалар сакталган. Тегерандагы Улуттук китепканада Иран тарыхы боюнча бай материал (Кажар дпнастпясынын учуруна таандык мамлекеттик документтер) топтолгон. Ири музейлери: көркөм (1894-жылдан, Голстан сарайында), улуттук (1937; 1987-ж. чейин Ирандын байыркылык музейи), улуттук пскво (1930), килем (1978) музейлери жана башкалар. Иранда табият илимдери исламга чейин Сасаниддер (3-7-к.) мезгилинде жогору өнүккөн. Бул мезгилге таандык математика, астрономия, медицина, айыл чарба, ветеринария боюнча сирия, пехлеви тилдериндеги китептер сакталган. Илимдин (айрыкча географиянын) өнүгүшүнө Иран Аббасиддер халифатына карап турганда (8-11-к.) жакшы шарттар түзүлүп, аль-Бахи, аль-Истахринин география боюнча эмгектери белгилүү болгон. Бул мезгилде медицинада (ар-Рази жана Ибн Сина), математикада (Омар Хайям) да кыйла ийгиликтер жаралган. Байыркы философиялык ой-пикир диний жазма булактарда сакталган. 3-7-кылымда Иранда байыркы грек окуусу, асыресе неоплатонизм философиясы кеңири тараган. Тил илими бай лексикографиялык салтка эгедер. Фарсча жазылган түшүндүрмө сөздүктөр 11-кылымдан эле белгилүү. 1940-ж. чыккан «Фарс энциклопедиясынын» кириш сөзүндө 202 сөздүк болгону эскерилет. Байыркы ар.-фарсча сөздүктөрдүн бирин («Мугаддадимад аль-адаб») хорезмдик Абдулкасим-Мухаммед аз-Замахшари 12-кылымда түзгөн. 19-кылымда илимдин өнүгүшүнө Эмир Незамдын реформасы (1859-51), Тегеранда политехникалык мектептин ачылышы, Иранга чет элдик плпмпоздордун чакырылышы, жаштардын чет өлкөлөргө окууга жиберилиши өбөлгө түзгөн. 20-кылымдан тартып илимий-изилдөө жакшы жолго коюлган. Ирандын байыркы, айрыкча орто кылымдагы адабияты иран (фарсы, пушту, күрд жана башкалар) жана түрк (өзбек, түркмөн, азербайжан жана башкалар) тплдерпнде, ошондой эле айрым инди тилдеринде өнүккөн. Араб халифатына кошулгандан кийин (7-к.), араб тили Иран адабиятынын негизги тилине айланган. 9кылымдан араб тилиндеги адабият менен катар фарсы тилиндеги адабият өнүккөн. Фарсы-дари адабий тили жана Иран классикалык поэзиясынын негизги жанрдык формалары (рубап, казал, касыйда, месневи, кыта) айрыкча Рудакинин чыгармалыгында биротоло калыптанган. 10-кылымдын 1-жарымынан башталган ыр түрүндө эппкалык жыйнак жазуу Фирдоусинин айтылуу «Шах-намеси» менен аяктаган. Фарсы тилиндеги гуманисттик адабияттын өсүп жеткен чеги Омар Хайямдын рубаилери, Хаканинин касыйдалары, азербайжан акыны Низаминин чыгармалары болгон. Моңгол баскынчылыгынан (1220-56) бошонгондон кийин, 13-кылымдын 2-жарымы жана 14-кылымда Ирандын классикалык адабияты кайрадан өнүгүп, Амир Хосров Дехлеви, Саади, Хафиз жана башкалар акындар чыгармаларын жараткан. 15-кылымда өзбек акыны Алишер Навоинин окутуучусу жана досу Жаминин фарс тилинде жазган чыгармалары классикалык жеткилеңдиктин жогорку чегпне жеткен. Мурда фарс адабиятынын чегинде бир нукта өнүгүп келген Иран адабияты 16-кылымда экиге бөлүнө баштаган: азербайжан, өзбек, түрк жана башкалар элдер адабиятын өз тилинде жазууга өткөн. 20-кылымдын 20-жылдары Тегеранда Иран адабпй коому (Акылман Низами коому) түзүлгөн. 1979-ж. Иран революциясынан кийин жазуучулардын бир бөлүгү эмиграцияга кеткен. Өлкөдө ислам дөөлөттөрүн тастыктаган патриоттук адабият өнүгүүдө (М. Солеймана, М. Михмалбаор жана башкалар). Чет жактагы фарсы тилдүү адабият улуттук салттар менен тыгыз байланышын сактап, Ирандагы адабиятка да таасир тийгизүүдө (Исмаил Фасиха, X. Шакани). Биздин заманга чейинки 5-4-миң тургун жайлардан адамдардын, жаныбарлардын чоподон жасалган сөлөкөттөрү, оймо-чийме түшүрүлгөн карапа, чебер иштелген металл буюмдар табылган. Ирандын аймагындагы искусство эстеликтери байыркы доорго таандык. Түштүк-Батыш Ирандан биздин заманга чейинки 3-2-миң жылдыкта Элам падышалыгынын искусствосунда Вавилон-Ассирия маданиятына жакын болгон. Мидия падышалыгынын тушунда (биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын 1-жарымы) мыкты имараттар курулуп, фасаддары оймолонгон таш күмбөздөр, Ахемениддер доорунда (биздин заманга чейинки 6-4-к.) кедр менен жабылган ападана салтанат залдары (Пасаргады, Персеполь), түбү коңгуроо сымал негизге орнотулган өгүз, жолборс баш түркүктүү имараттар (Персеполь, Сузы) арбын салынган. Сасаниддер доорунда шаар куруу маанилүү орун ээлеген. Айрыкча көркөм сүрөт өнөрү жогорку деңгээлге жетип, падыша аңчылыгы жана тойтамаша сүрөттөрү менен кооздолгон алтын, күмүш идиштер кеңири тараган. Арабдар басып алгандан кийин (7-к.), Иранда көп чеп шаарлар, мечиттер, мунаралар, медреселер, күмбөздөр, мончолор, кербен сарайлар курулган. 8-13-кылымда аңчылык жана ак сарай кызматчыларынын турмушун чагылдырган дубал оймо-чиймелеринен фрагменттер, ошондой эле миниатюралар сакталган. 15-16-кылымда көркөм сүрөт өнөрүндө миниатюра негизги орун ээлейт (Султан Мухаммед), кийинчерээк европалык сүрөт тартуу ыкмаларынын таасири байкалат. Севефиддер доорунда (16-18-к.) ири шаар ансамблдери курулат (Исфахан, Мешхед, Тебриз). 17-кылымдын 2-жарымында Тебриз, Кашан, Исфахан жана башкалар эски кол өнөрчүлүк борборлорунда түр түшүрүлгөн кездеме (жибек, баркыт, парча, атлас) токуу, килем согуу, металлды көркөм иштөө улантылган; көркөм сүрөт өнөрүндө акварель менен май боёк живописи пайда болгон. 20-кылымда архитектура жана сүрөт өнөрүндө бир кыйла илгерилөө башталган: жаңы типтеги мекемелер, турак жай жана колдонмо өнөрүнүн салттуу түрлөрү ары өнүгө баштады. Ирандын профессионалдык (классикалык) жана элдик музыкасынын эзелтен келаткан салты бар. Элдик музыканын тесниф (баллада), теране (жергиликтүү ыр), касыйда (ода),казал (лирикалык ыр) сыяктуу түрлөрү кеңири тараган. Элдик музыкалык аспаптары саз, тар (чертме кыл аспап), кеманча (жаалуу кыл аспап), карнай, зурна (үйлөмө), зарб (урма). Иран музыкасында 15-кылымдан нота жөнүндө маалымат кездешет. 19-кылымдын 2-жарымынан европалык музыканын таасири тие баштап, Тегеранда Империя коллежинде музыкалык мектеп негизделген. 20-кылымдын 20жылдары комп., тарыхчы, Тегеран университетинин профессор Али Наги Вазири улуттук музыканы окутууга жол ачып, музыкалык теория жөнүндө китеп жазып, Тегеранда улуттук туңгуч музыканттарды даярдоочу мектеп негиздеген. 30-жылдардын башында Тегеранда музыкалык жогорку мектеп (40-жылдын акырынан консерватория) жана музыкалык мектептер иштейт. 20-кылымдын белгилүү музыканттары, дирижёрлор Фархат Мешкат, Хешмат Сенжера; пианисттер Г. Эмир Хосрови, Э. МеликЭсланян; скрипачтар Али Форуг, аралы Авакян; опера ырчылары Хосейн Саршар, Менир Вакили жана башкалар Иранда Рудаки атындагы Опера-балет театры (1967), телекөрсөтүү менен филармониянын балет труппасы (1953), симфониялык оркестрлер жана камералык консерватория бар. 20-кылымдын 20-жылдарына чейин жер кыдырып оюн көрсөтүүчү актёр-маскарапоздор болгон. 1883-ж. Тегеранда европалык үлгүдөгү театр ачылган. 1920-жылдан кийин тазийе аталган жанрды аткаруучуларга тыюу салынып, театрлар жабылгандан кийин театр топтору жана союздары пайда болгон. Эң белгилүү топ Иран комедия (1921) Тегеранда биринчи театр мектебин ачкан (1939). 1940-жылдарда Тегеранда бир нече театр ачылып, 60-70-жылдар Иран театрынын гүлдөгөн мезгили болду. 1979-жылкы Иран революциясынан кийин Тегерандагы варьете театры жабылган, театрда ролдорду аткарууга эркектер гана катышса жана спектаклдердин мазмуну исламдын шарттарына туура келсе гана коюуга уруксат берилген. 20-21-кылымдын чегинде салттык театрды жандандыруу менен катар европалык заманбап тажрыйбаларга да көңүл бурулуп, улуттук салттарды заманбап көйгөйлөр менен айкалыштырууга аракеттер болууда. Иранда биринчи көркөм фильм «Аби Раби» (режиссер аралы Эханиан) 1929-ж. коюлган. 1954-ж. Ирандын мыкты фильмдеринин бири «Порт уурусу» (режиссер аралы Ширази) фильми экранга чыккан. 1970-жылдарда кинематографка келген Д. Мехржуи («Уй», 1870; Венеция ЭКФтин сыйлыгын), Б. Бейзан («Чоочун жана туман» 1974), аралы Надери («Тангсир», 1973) фильмдери дүйнөгө таанылган. Ревяга чейин кино өнөрү бир топ ийгиликтерге жетишсе, 1979-жылдан кийин шариаттын жоболоруна шайкеш келбеген фильмдерди коюуга тыюу салынган. Кинофильмдердин импорту кыскартылып, жергиликтүү киностудиялардын продукциялары цензурадан өткөрүлө баштаган. 1980-жылдардан кино өндүрүшү жанданып, Ирандын фильмдери ар кандай эл аралык кинофестивалдарда көптөгөн сыйлыктарга ээ болууда: аралы Кияростами, «Алчанын даамы», 1997, Канныда ЭКФтин башкы байгеси; Р. Баниэтимад, «Көгүш жоолук», 1995, Локарнодогу ЭКФтин сыйлыгын; С. Макмалбаф, «Мектеп доскасы», 2002, Канныдагы ЭКФтин сыйлыгын жана башкалар көркөм фильмдери эл аралык кинофестивалда башкы байгелерге татыган. Иранда биринчи гезит 1835-ж. басылган. 2006-ж. Иранда 500дөн ашык гезит-журнал чыккан. Негизгилери фарсы тилинде («Кейхан», 1942; «Эттелаат», 1925; «Жомхурийе ислами», 1979; «Абрар», 1985), бир катар гезиттер англис тилинде («Техран таймс», 1979) жарык көрөт. Радиоуктуруу 1940-ж. башталган. 2005-ж. 90го жакын радиостанция болгон. Телекөрсөтүү 1950-жылдардан иштейт, берүүнү өкмөттүк Радио жана теле «Иран Ислам Республикасынын үнү» уюму көзөмөлдөйт. Мамлекеттик Ислам Республикасынын маалымат агенттиги жана башкалар маалымат борборлору иштейт.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Иран" булагынан алынды