Реология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Реология''' (гр. rheos - агын жана логия) - заттардын деформациялары жана агуучу..."
 
Кошумча маалымат киргизилди.
1-сап:
'''Реология''' (гр. rheos - агын жана логия) - [[Зат|заттардын]] [[деформация|деформациялары]] жана агуучулугу жөнүндөгү илим.
Реология кайра калыбына келбес калдыктуу [[Деформация (физикада)|деформациялар]] менен ар түрдүү илээшкекилешкек жана пластикалык материалдардын агуучулугун, ошондой эле чыңалуунун релаксациясы, күч аракети токтогондон кийинки серпилгичтик ж. б. кубулуштарды изилдейт.
«Реология» терминин илимге амер. илимпоз Ю. Бингам киргизген. И. Ньютондун илээшкекилешкек суюктуктардын кыймылга каршылык көрсөтүү закондору, кысылбас илээшкекилешкек суюктуктардын кыймылы жөнүндөгү Навье-Стокс тецдемелери ж. б.
Реологиянын негизи болуп калган. Д. И. Менделеев, Н. П. Петров, П. А. Ребиндер, М. П. Воларович, Г. В. Виноградов ж. б. орус жана советтик илимпоздордун Реологияга киргизген салымдары зор. Реология гидромех., серпилгичтик теориясы, пластикалуулук жана жылышуучулук менен тыгыз байланышкан. Мында вискозиметрия методдору кецирикеңири пайдаланылат.
Реологиянын 2 негизги бөлүгү бар: макрореология же феноменалдык реология жана микрореология.
 
Макрореология заттарды бир өңчөй материал катары, алардын ички структурасын эске албастан сырткы өзгөрүшүн окуп изилдейт. Бирок бир өңчөй заттарга тек гана таза суюктуктар жана идеалдуу кристаллдар кирет. Изилденүүчү заттардын чоң бөлүгүн эки же андан көп фазадан турган дисперстик системалар түзөт. Дисперстик системалардын реологиялык касиеттерин алардын компонентеринин реологиялык касиетеринен көз карандылыгын изилдөөчү илим – микрореология деп аталат.
 
Башында реология илими жалаң гана суюк массаларды изилдеп келсе, акыркы жылдары катуу заттар да реологиянын изилдөө объектилери болуп калды. Кээ бир тамак-аш азыктар берилген чыңалууга (күч) жараша суюк да, катуу да заттардын реологиялык касиеттерин көрсөтүшөт. Мисалы: эритилген шоколад, картошка пюреси, кээ бир дрессингтер, майдын негизинде алынган спреддер аз чыңалууда өздөрүн катуу заттардай, ал эми жогорку чыңалууда суюк заттардай алып жүрүшөт. Мындай тамак-аш азыктарын жарым катуу же жарым суюк деп классификацияланат.
 
Тамак-аш азыктарынын реологиялык касиеттери инженердик эсептөөлөрдө, өндүрүүчү линияларды долбоорлордо колдононулат. Мисалы, насостун кубаттуулугун, түтүктүн диаметрин, жылуулук жана масса алмашуучу аппараттарда суюктуктун кандай режим боюнча агышын аныктоододо, биотехнологиялык процесстерди башкаруу, ферменттердин жардамы менен ажыроо реакцияларын контролдоо үчүн колдонулат (мисалы: крахмалды ажыратканда ал мальтоза жана глюкозага айланып суюк болуп калат). Реологиялык касиеттердин өзгөрүшү аркылуу заттардын химиялык касиеттердин өзгөрүшүн контролдоо үчүн керек.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Реология" булагынан алынды