Реология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Тамак-аш реологиясы: Сманалиева Ж.Н. Тамак-аш азыктарынын физикалык касиеттери сабагынан лаборатордук иштерди жасоо үчүн усулдук көргөзмө. - Б.: Текник ББ; 2016. - 65 б.
No edit summary
3-сап:
Реология кайра калыбына келбес калдыктуу [[Деформация (физикада)|деформациялар]] менен ар түрдүү илешкек жана пластикалык материалдардын агуучулугун, ошондой эле чыңалуунун релаксациясы, күч аракети токтогондон кийинки серпилгичтик ж. б. кубулуштарды изилдейт.
«Реология» терминин илимге амер. илимпоз Ю. Бингам ([[Bingham|Eugene C. Bingham]]) 1929 - жылы киргизген, ушул жылы ал "Реология журналы" басып чыгарган. И. Ньютондун илешкек суюктуктардын кыймылга каршылык көрсөтүү закондору, кысылбас илешкек суюктуктардын кыймылы жөнүндөгү Навье-Стокс теңдемелери ж. б. реологиянын негизи болуп калган.
Д. И. Менделеев, Н. П. Петров, П. А. Ребиндер, М. П. Воларович, Г. В. Виноградов ж. б. орус жана советтик илимпоздордун реологияга киргизген салымдары зор. Реология гидромех., серпилгичтик теориясы, пластикалуулук жана жылышуучулук менен тыгыз байланышкан. Мында вискозиметрия методдору кеңири пайдаланылат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Реология" булагынан алынды