Өтүк: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
8-сап:
 
Өтүк кара малдын терисинен иштетилген булгаарыдан жасалат. Бүтүндөй кайыш менен тигилет. Атка минип, түшкөн ыңгайлуу болуш үчүн тумшугу учтуураак келип, жогору карай азыраак кайкалап турган. Таманын жана апкытын кабатталган кайыш менен калыңдатып, өкчөсүн бийик жасап, алдыңкы бетиндеги атайын жасалган оюкка же кончуна коңгуроо тагылган. Ошондой эле узун келип, тизени жаап турган. Ал эми кончтун арткы жагы кыйгач кесилип, ат үстүндө жүрүүгө, отуруп турууга ылайыкташтырылган. Муну ултарууда адегенде анын кончун, башын жана апкытын бычат да, үчөөнү бириктире илме шибеге менен кайыйт. Эми кеп жыгачты салуу үчүн ич таманды жаткызып алат да, өтүктүн башы жана апкыттын жээктерин ич тамандын үстүнө керип, узундугу 1,5 смдей жыгач мыкты урат.
Өтүкчүлөр кайыңды араалап, тапка кургатып, жука тилип, бир башын эки кыр учтап, жыгач мыкты өзүлөрү жасап алышат. Андан кийин сырт таман коюлуп, урулган мыкты өтүктүн ич таманы кармайт да, өтүк така урулат. Кайың мык сууга тийсе, ого бетер көөп, бекиткен жерин катуу кармайт. Ал эми темир мыкты дат басат да, бат эле чирип калат. «Келинге кете кийгизип, кызматын журтка тийгизип» (кете — куш тумшуктанган бут кийим) — деп, элдик эпостордо айтылат.<ref>[https://www.miraton.ua/fashioncocktail/s-chem-nosit-sapogi-truby-obrazy-stritstayl-zvezd-ukrainy-i-mira-.html Бут кийим эмне]</ref><br />
 
Ултаруу көбүнчө эркектерге таандык өнөр болгон.<br />
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Өтүк" булагынан алынды