Европа биримдиги: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
6-сап:
 
ЕС Европа Экон. Биримдигинин (1957-ж. Рим келишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») жана Атом энергиясы боюнча Европа биримдигинин (1957-ж. негизделген) негизинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Европ. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) жана Ницца (2003) келишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдерди алмаштырууга багытталган ЕСтин Конституциясы иштелип чыккан, бирок ал биримдикке мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европалык жарандыкты киргизүү; эркиндик, коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу; экономикалык жана социалдык прогресске көмөктөшүү; Европанын дүйнөдөгү ролун бекемдөө. 1999-жылдан ЕСтин 12 өлкөсүндө бирдиктүү валюта – еврону пайдалануу (еврозонага өтүү) киргизилген. ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү бирдиктүү виза эрежелерин камтыган Шенген зонасына киришет. Расмий тилдери: англис, грек, испан, италян, немис, нидерланд, португал, финн, фламанд, француз, швед тилдери. ЕСтин желеги (1986) жана гимни (Людвиг ван Бетховендин «Кубаныч одасы») кабыл алынган. ЕСтин жогорку саясий жетекчи органы – ''Европа совети;'' институттары ''Европа парламенти'', ЕСтин совети, Европа комиссиясы, Европа соту, Европа борбордук банкы. ЕСтин расмий борбору жок, анын институттарынын көпчүлүгү Люксембург, Страсбург, Франкфурт-на-Майне шаарында жайгашкан.
 
[[File:Belgique - Bruxelles - Schuman - Berlaymont - 01.jpg|thumb|center|European Commission]]
 
==Колдонулган адабияттар==