"Венесуэла" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

Дццддццд
(2 ==Табияты== + image + links)
(Дццддццд)
Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо Мобилдик оңдоо Мобилдик версиясынан оңдоо
Дарыя тармагы өтө жыш; алар негизинен [[Ориноко]] д-нын алабына кирет, жайында ташкындап, жаанчыл сезондо жүздөгөн км<sup>2</sup> аянтты каптап кетет. Ориноконун Гвиана бөксөтоосунан башталган оң куймаларынын (Карони, Каура ж. б.) нуктары босоголуу, [[Шаркыратма|шаркыратмалар]] көп; анын ичинде дүйнөдөгү эң ири шаркыратма [[Анхель]] да бар. Өтө зор суу-энергетикалык потенциалынын бир аз бөлүгү гана пайдаланылат. Карони дарыясында суу-энергетикалык максатта курулган Гури суусактагычы дүйнөдөгү 10 ири суу сактагычтын катарына кирет. Венесуэланын түштүгүндө Түштүк Американын эң ири эки суу системасы табигый туташат: Ориноконун жогорку агымында андан Касикъяре дарыясы бөлүнүп, Амазонканын сол куймасы Риу-Негруга кошулат. Өлкөдө 200дөн ашык көл бар; алардын эң ирилери: Маракайбо ж. б. көптөгөн лагуна-көлдөр, Кариб Анд тоолорундагы өрөөндө жайгашкан Валенсия көлү ж. б. Суу ресурстарынын 1 % гана чарбада пайдаланылат. Венесуэланын аймагынын басымдуу бөлүгүнө кызыл ферраллит, түштүгүнө жана түштүк-батышына кызгылт-сары жана сары ферраллит, көбүнчө күлдөшкөн, Ориноко дарыясынын өрөөнүнө, Маракайбо ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүнө гидроморфтук глей жана саз топурактары, Венесуэла булуңунун жээктерине феррозём мүнөздүү. Венесуэланын аймагынын 56% ин токой ээлейт; жыл сайын токой аянты 2,2 миң км<sup>2</sup>ге азаюуда. Венесуэланын түштүгүн жана түштүк-батышын гилей, Ориноко дарыясынын дельтасын жана Маракайбо ойдуңунун түштүк-батыш бөлүгүн мезгил-мезгили менен суу астында калган дайыма жашыл токой жана саз, жээктерин мангр токою ээлейт. Кордильера-де-Мерида, Кариб Анд тоолорунун жана Гвиана бөксөтоосунун капталдарына 800-1200 м бийиктикке чейин жалбырагын күбүүчү жана жалбырагын күбүүчү-дайыма жашыл токойлор (анакардиум, сейба же пахта дарагы, айдарым капталдарында дайыма жашыл токойдун баалуу дарактары, анын ичинде хинн дарагы, цедрел, воск пальмасы, папоротниктер, эпифиттер) мүнөздүү. Токойдон жогору (2200 мден өйдө) Кариб Анд тоолорунун кыры чөп өсүмдүктөрү жыш өскөн жана суйдаң бадалдуу шалбаа субпарамос, Кордильера-деМериданын бийик бөлүктөрү кылкандуу жана жаздык сымал өсүмдүктүү парамос менен капталган. Саваннанын ири массивдери Льянос-Ориноконун түздүктөрүндө кездешет. Венесуэлада жалпы аянты 53,5 млн га болгон коргоого алынган 176 аймак бар (2005), анын ичинде Канайма (Бүткүл дүйнөлүк мураска катталган), Серрания-де-Неблина улуттук парктары.
 
==Тарыхы==
Байыртан бери Венесуэланын аймагын алгачкы жамааттык коомдун ар кайсы баскычында турган индей уруулары мекендеп келген. 1498-ж. бул аймак Колумб тарабынан европалыктар үчүн ачылган. «Венесуэла» аталышы «Кичи Венеция» дегенди билдирген. Бул мезгилде Венесуэланын 16-кылымдан испаниялык конкистадорлор Венесуэланы колониялай баштап, жергиликтүү урууларды кыра башташкан. Колонизаторлор балкамыш, пахта, тамеки плантацияларын түзүшкөн, бир катар шаарларды курушкан. Африкадан негр кулдарды алып келишкен. Испаниянын колониялык эзүүсү эл массасынын нааразылыгын пайда кылып, улуттук-боштондук кыймылын күчөткөн. 17-кылымдын 2-жарымынан көтөрүлүштөр чыга баштаган. 1810-жылдан 1920-жылга чейинки улуттук-боштондук күрөштө В. Испаниянын эзүүсүнөн бошонгон. Испан колонизаторлоруна каршы согушту С. Боливар жетектеп, 1821-ж. англичандардын жардамы менен Карабободо жеңишке жетишкен. 1830-ж. толук көз каранды эместикке жетишкенге чейин В. Колумбия, Эквадор жана Панама менен бирдикте Улуу Колумбиянын курамында келген. 1830-ж. өз алдынча көз каранды эмес мамлекет катары түзүлгөндөн кийин, бир катар революцияларды жана диктатураларды башынан өткөргөн. 19-кылымдын 70-жылдарынан баштап Венесуэлага чет өлкөлүк капитал келе баштаган. Көбүнчө АКШ менен Англиянын капиталы кирген. Нефтини өндүрүүнүн башталышы менен өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал бир кыйла жакшырган. Нефтини экспорттоонун жана АКШнын экономикалык жардамы аркасында 20-кылымдын экинчи жарымында Венесуэла экономикалык жактан бир кыйла жогорулай баштаган. Венесуэла 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде Германия, Италия, Япония менен мамилесин үзүп, 1945-ж. февралда Германия менен Японияга согуш жарыялаган. 1945-ж. октябрда мамлекеттик төңкөрүш болуп, бийликке Демократиялык аракет партиясы келип, баштагыдан бир кыйла демократиялуу конституция кабыл алган. 1948-ж. ноябрда америкалык нефть монополиясы колдогон аскердик хунта төңкөрүш жасап, бардык демократиялык жеңиштерди жок кылды. Венесуэланын саясий жана экономикалык жактан АКШга көз карандылыгы күчөгөн. АКШнын 1956-57-ж. нефть чыгуучу 1 млн га жерди концессияга алышы, айрым социалдык катмарлардын, асыресе улуттук буржуазиянын нааразылыгын туудурган. Куралдуу көтөрүлүштүн натыйжасында 1958-ж. аскердик хунтанын башчысы Хименес бийликтен кулап, бурж. демократия калыбына келтирилди, саясий партиялар ачыкка чыкты. Р. Бетанкурдун өкмөтү (1959-64) АКШнын монополиялары менен кайра келише баштаган. Президент Р. Леони (1964-68) Р. Бетанкурдун саясатын уланткан. Социал-христиан партиясынын (1946-ж. негизделген) өкүлү Р. Кальдеранын өкмөтү (1969-73) өлкөнүн улуттук мүдөөсүн сактоо үчүн бир катар чаралар жүргүзүп, экономикада мамлекеттик сектордун ролун күчөткөн. Демократиялык аракет партиясынын (1941-ж. негпзделген) өкүлү К. Андрес Перес 1974-жылдын мартында президенттикке шайланды. 1975-ж. өкмөт нефть жана кен өндүрүү тармагын мамлекеттик менчикке алган. 80-жылдардагы экономикалык жана финансы кризиси өкмөттү катуу үнөмдөө саясатын жүргүзүүгө мажбурлаган. 1988-ж. президент болуп дайындалган К. А. Перестин Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) тарабынан сунушталган либералдык методдордун жардамы менен реформа жүргүзүү аракети баалардын өсүшүнө жана массалык жумушсуздукка алып келген. 1992-ж. 4-февралда подполковник У. Чавес жетектеген офицердик жашыруун уюмдун төңкөрүш жасоо аракети ийгиликсиз аяктап, катышуучулары камакка алынган. Бирок венесуэлалыктардын өкмөттүн саясатына каршылык көрсөтүүсү улантыла берген. 1993-ж. президент Перес коррупцияга аралашкан деп күнөөлөнүп, парламенттин чечими менен бийликтен четтетилген. Андан кийин президенттикке шайланган К. Родригестин өкмөтүнүн өлкөнү кризистен чыгаруу аракети да натыйжа алып келген эмес. 1998-ж. президент болуп У. Чавес шайланган. 2000-ж. өлкөнүн аталышы Венесуэла Боливар Республикасы (С. Боливардын урматына) деп өзгөртүлгөн. У. Чавестин өкмөтү эконом. жана соцпалдык чөйрөдө мамлекеттин ролун бекемдөө саясатын жүргүзүп, агрардык реформа башталган. 2002-ж. апрелде Чавестин каршылаштары мамл. төңкөрүш жасоого аракеттенишип, бирок калктын массалык каршылыгына дуушар болушкан. 2005-жылдан тартып ал өлкөдө «венесуэлалык социализмди » курууну камсыз кылууга багытталган социалдык ишканалар деп аталган ишканаларды түзгөн. Эларалык аренада Чавестин өкмөтү АКШнын Кубаны блокадалоосуна каршы чыгып, мамлекеттердин ортосундагы тең укуктуу мамилелерди орнотуу үчүн чыгууда. 2005-жылдын 5-декабрында Улуттук ассамблеяга болгон шайлоодо Чавести колдогон патриоттук күчтөр Бешинчи республика үчүн Кыймылга биригишип, 89% (167 орундун 114ү) добушка ээ болуу менен ишенимдүү жеңишке жетпшишти.
 
Anonymous user