Пруссия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
2017 source edit
1-сап:
'''Пруссия''' согушчул-колониячыл, милитаристтик жана реакциячыл немец мамлекети. Ал немец феодалдарынын 12–17-кылымда Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европаны каратууларынын натыйжасында Бранденбург курфюрсттугу (12-кылым) менен Тевтон орденинин (13-кылым) базасында пайда болгон. 1618-жылы Бранденбург-Пруссия мамлекети түзүлгөн. Пруссия 1701-жылы Гогенцоллерндер династиясы бийлеген королдукка айланган. Пруссияда юнкерлердин мүдөөсүн көздөгөн милитаристтик полициялык-бюрократиялык режим орногон. Фридрих Инин тушунда (1740–86) Пруссия армиясы Европадагы эң чоң армияга айланган. 18-кылымдын 40-жылдарында Силезияны караткан. Полыпаны үч жолу бөлүштүрүүгө (1772, 1793, 1795) катышып, Гданьск, Познань ж. б. жерлерди кошуп алган. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында революциячыл, кийин наполеондук Францияга каршы коалицияга катышкан. 1806-жылы Наполеон I тарабынан талкаланган. Вена трактаты боюнча 1815-жылы Пруссияга Саксониянын бир бөлүгү, Рейндин райондору өткөн. 1848–49-жылдары буржуазиялык-демократиялык революция монархия менен реакцияны жоё алган эмес. 1850-жылкы антидемократиялык конституция юнкерлердин мүдөөсүн канааттандырган. Австрия-Пруссия (1866) жана Франция-Пруссия (1870–71) согуштарынан кийин Пруссия Германияны пруссиялык милитаризм негизинде бириктирүүнү аяктаган. Пруссиялык жана германиялык милитаристтер [[Биринчи дүйнөлүк согуштунсогуш]]тун (1914–18) демилгечилеринен болгон. Германиядагы Ноябрь революциясынын (1918) натыйжасында Пруссияда монархия кулатылган, бирок сакталып калган реакциянын үстөмдүгү Германияда фашисттик диктатуранын орношу менен (1933) өтө күчөгөн. [[Экинчи дүйнөлүк согуштасогуш]]та (1939–45) фашисттик Германия жеңилип, Потсдам конференциянын (1945) чечими боюнча мурда Пруссия тартып алган поляк жерлери Польшага[[Польша]]га, [[Кёнигсберг]] жана ага чектеш райондор СССРге кайтарылып, Пруссиянын калган аймагы Германиянын курамына кошулган. Германиядагы[[Германия]]дагы контролдук кеңештин 1947-жылы 15-февралдагы кабыл алган мыйзамы боюнча Пруссия мамлекети жоюлган.
 
[[Категория: Тарых]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
 
[[Категория: Тарых]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Пруссия" булагынан алынды