Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
3-сап:
== Кесип деген эмне? ==
 
Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым – катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Кесип XIX кылымдын аягына чейин кенири ойлоону жана пландоону талап кылбаган тема болуп эсептелчү. Балдары да атасынын кесибине окшош түрдөгү кесип тандай турганына ишенишчү. Эгер киши [[жыгач уста]] болсо, анын атасы да балким жыгач уста эле, баласы да буга окшош бир кесип тандоосу күтүлөт болчу. Техниканын өнүгө элегинде кесиптердин бири-биринен айырмачылыгы аз эле. Индустриянын өнүгүүсү менен кесиптерде жаңы түрлөр пайда боло баштап, жаны иш мүмкүнчүлүктөрү чыкты. Мурунку коомдук структуранын бузулушу менен кишилердин кесиптер жөнүндө маалыматы кеѕейдикеңейди, мунун натыйжасында кесип тандоо да татаалдай баштады (Кузгун, 1988, 97-б).
 
'''Бир кесипке ээ болуу үчүн билим алуу жана ал кесиптин кесип катары коомдо кабыл алынуусу керек.''' Кээ бир кесиптер түздөн-түз кишилер менен, кээ бирлери машиналар (станок, техника) менен; Кээ бири кишилер менен да техника менен да байланыштуу. Ошентип кесиптер: кишилер менен иштей турган, техника менен иштей турган, кишилер жана техника менен иштей турган болуп бөлүнөт (Кулаксызоглу, 1995).
12-сап:
 
== Кесип тандоодо эмнелерге көңүл буруу керек? ==
Ар бир киши кичинекейинен баштап эле чонойгондо ким болоорун ойлоп, келечеги жөнүндө кыялданат. Башында жалан гана кыял катары эсептелген кесип тандоо, чонойгончоңойгон сайын чындыкка жакын негиздерге таянат. Башкача айтканда, түрдүү кесиптер жөнүндөгү көз карашы кеңейет, окуп үйрөнөт, кенирикеңири маалыматка ээ болот. Бирок, жаштардын көбү толук эмес орто же орто мектепти бүтүргөндөн кийин кесип тандоодо бир чечимге келе алышпай, эмне кылаарын билбей калууда. Кээ бирөөлөрү өмүр бою бир боло турган кесибин тандоодо тобокелге салышат. Окуучулардын стипендия, окутуучу - мугалимдерге айлык төлөгөндөн башка, ошончо убакыт коротуп плансыз түрдө даярдалган адистер кийин өздөрүнө ылайык иш таба алышпай кыйналышат. Бар болгону ишсиздер армиясынын санын көбүйтөт. Окуучулар өздөрүнүн табиятына төп келбеген кесиптерди тандоосундагы негизги факторлор - алардын иш жөнүндө толук билбегенинен улам келип чыгат. Лицей же орто мектептин жогорку класстарынын окуучуларына кайсы кесипти тандай турганын сураганда көбүнчө мурунтан белгилүү болгон кесиптерди тандаганы байкалууда. А бирок тандаган кесиптери алардын жекече өзгөчөлүктөрү, жан дүйнө байлыктары менен төп келбейт. Башкача айтканда, жөндөмдүүлүгүнө, шыгына, кабыл алуусуна, ден соолугуна ж.б. көңүл бурушпай, кесиптер жөнүндө кеѕири билбей туруп тандаган учурлар кездешет (Кузгун, 1988).
 
[[Кыргызстан]]да да акыркы жылдарда бир топ өзгөрүүлөр болуп, бул өзгөрүүгө жараша коомдун жаны адамын – жаны кесиптердин ээлерин даярдай турган көптөгөн университеттер, факультеттер, окуу борборлору ачылды. Кыргызстандын эгемендөө мамлекет болушу менен айрыкча акыркы беш жылда билим берүүдө жаңы типтеги мектептер, гимназиялар көбөйдү. Бул жаны типтеги мектептер - жалпы орто мектептер, гимназиялар, лицейлер, автордук мектептер, өзүмдүк, мамлекеттик мектеп, кыргыз – түрк кыз жана эркек лицейлери, экспериметалдык мектептер болуп, бардыгы 28 түрдөгү мектептер бар. Бул мектеп, гимназия, лицейлердин окуу программалары көбүнчө ошол мектептин коллективи тарабынан түзүлгөн. Бул мектептерде окуучуларга кийинки жылдардагы коомдогу саясий, социалдык, экономикалык өзгөрүүлөргө жараша экономика, эсептөө техникаларынын негиздери, компьютердик билим ж.б. түрдүү кесиптерге даярдыктар берилет (Мирошниченко, Иманкулова, 1996). Ар бир мектеп, гимназия өз алдынча программа кабыл алгандай эле, ар бир колледж, институт, университет, академиялар да өздөрүнө таандык программалар менен иштешет.