Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
3-сап:
== Кесип деген эмне? ==
 
Кесиптердин баары адам баласына кызмат кылуу үчүн коомдо пайда болгон карым – катыш, муктаждыктын натыйжасында келип чыккан. Кесип XIX кылымдын аягына чейин кенирикеңири ойлоону жана пландоону талап кылбаган тема болуп эсептелчү. Балдары да атасынын кесибине окшош түрдөгү кесип тандай турганына ишенишчү. Эгер киши [[жыгач уста]] болсо, анын атасы да балким жыгач уста эле, баласы да буга окшош бир кесип тандоосу күтүлөт болчу. Техниканын өнүгө элегинде кесиптердин бири-биринен айырмачылыгы аз эле. Индустриянын өнүгүүсү менен кесиптерде жаңы түрлөр пайда боло баштап, жаны иш мүмкүнчүлүктөрү чыкты. Мурунку коомдук структуранын бузулушу менен кишилердин кесиптер жөнүндө маалыматы кеңейди, мунун натыйжасында кесип тандоо да татаалдай баштады (Кузгун, 1988, 97-б).
 
'''Бир кесипке ээ болуу үчүн билим алуу жана ал кесиптин кесип катары коомдо кабыл алынуусу керек.''' Кээ бир кесиптер түздөн-түз кишилер менен, кээ бирлери машиналар (станок, техника) менен; Кээ бири кишилер менен да техника менен да байланыштуу. Ошентип кесиптер: кишилер менен иштей турган, техника менен иштей турган, кишилер жана техника менен иштей турган болуп бөлүнөт (Кулаксызоглу, 1995).