Жылдыз Малдыбаева: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Малдыбаева Жылдыз Абдыласовна''' (6. 6. 1946-жылы туулган, Фрунзе) – кыргыз кыздарынан чыккан туңгуч композитор, профессор (2004), [[ Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген. ишмер ]] (1995), [[ Даңк ]] медалы (2007), [[ Кыргыз Республикасынын эл артисти]] (2020). Республиканын элге билим берүүсүнүн отличниги (1992), СССР композиторлор союзунун мүчөсү (1973), Кыргызстан композиторлор союзунун мүчөсү (1992). Композитор А. Малдыбаевдин кызы. Фрунзедеги П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана М. Күрөңкөев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн. 1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн. 1969-жылдан Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштейт. Институттун алдында «Мурас» вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан. Кыргыздын элдик музыкасынын өзөгүндө чыгармачылыгы калыптанган, лирикалык маанайдагы композитордун изденүүлөрү Кара Караевге арналган үч бөлүмдөн турган симфониясы, «Али баба жана кырк каракчы» балеттик сюитасында таасын көрүнөт. «Биздин мезгил», «Арноо», «Манас келди», «Рахмат турмуш», «Бишкек», «Ысык-Көл» ж. б. лирикалык, патриоттук ырлары угуучулардын сүйүктүү чыгармаларынан. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепьяно үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончель, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү. «Күнөстүү арал» көркөм фильмине, «Июлда үч күн», «Менин шаарым жөнүндө повесть», «Төрт сүрөт», «Оюмдагы жомок» даректүү жана балдар фильмдерине да музыка жазган. 1985-жылы Москвада өткөн Бүткүл дүйнө­лүк жаштар менен студенттердин 12-фестивалында диплом менен сыйланган. Софияда, Прагада, Бухарестте, Түркияда, Россияда чыгармалары угуучуларга тартууланган. «Ырлар», «Фортепьяно үчүн пьесалар» жыйнактары, камералык оркестр үчүн сюитасы ж. б. чыгармалары бар.
[[Категория:Инсандар]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7