Тукумсуздук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Жок андан маселээ жаралбайт эркектин уруктугу жетиштууу
Белгилер: Reverted Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
м Reverted edits by 46.251.208.126 (talk) to last revision by 14.192.211.43
Белгилер: Rollback мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү Advanced mobile edit
5-сап:
=== Эркектердин тукумсуздугу ===
Эркектин тукумсуз болушуна [[Жыныс мүчөлөрү|жыныс мүчөлөрүнүн]] тубаса жетилбестиги, сезгенүү процесстери, эндокрин системасынын бузулуулары себеп болот ([[Орхит]], [[Эпидидимит]]). Эркектердин [[Сперма|спермасында]] [[сперматозоид|сперматозоиддер]] такыр жок же алар уруктанууга жөндөмсүз болушат.
 
Эркектер уруктук (сперматозоиддерди) көп чыгарса, бул тукумсуздука алып келеби ?
=== Аялдардын тукмсуздугу ===
Аялдардын тукумсуздугу [[жатын]] жана анын кошумчаларынын сезгенүү оорулары (мисалы, [[аборт|аборттон]] кийин пайда болгон [[аднексит]], ошондой эле [[сүзөк]] менен ооругандан кийин), [[Кургак учук|жыныс органдарынын кургак учугу]], [[ички секреция бездери|ички секреция бездеринин]] функциясынын бузулуулары, [[Жугуштуу оорулар|жугуштуу оорулардын]] натыйжасынан пайда болгон [[Борбордук нерв системасы|борбордук нерв системасынын]] бузулуулары (өзгөчө жыныстык жетилүү мезгилинде) жана инфантилизм менен байланыштуу. Ошондой эле сезгенүү процессинин натыйжасында жатын түтүгүнүн жылчыгы бүтөлүп калып, ал сперматозоид менен жумуртка клеткасынын жолугуусуна тоскоол болот же уруктанган жумуртка клеткасы жатынга жылып жете албайт. Анда ал клетка өлөт же жатын түтүгүндө орун алат ([[Жатындан тышкары бойго бүтүү]]). Жумуртка клеткалары энелик безден жетилип чыккандан кийин гана уруктанууга жөндөмдүү. Энелик бездин функциясы бузулуп, жумуртка клеткасы энелик безден чыкпай калганда этек кир цикли, аны менен бирге жатын түтүгүнүн жыйрылышы жана жатындын былжыр челинин нормалдуу өсүшүн жөнгө салуучу энелик бездин жыныс гормондорунун (фолликулун жана [[прогестерон]]) чыгышы да бузулат ([[Этек кир]]). Инфантилизмде жетилбеген жатындын былжыр чели абдан жука болуп, энелик бездин таасирин анча сезбегендиктен уруктанган жумуртканы кабыл алууга жөндөмсүз. Эгерде инфантилизмде бойго бүтүп калса, аны түшүрүүгө аракеттенүү жарабайт, себеби анда энелик бездин функциясы бузулат, жатындын былжыр челинде тырыктар пайда болуп такыр төрөбөй калат.