Эчки-Башы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: 2017 source edit
мNo edit summary
Белги: 2017 source edit
48-сап:
|сайтынын тили 2 =

'''Эчки-Башы''' ({{lang-ky|Эчки-Башы}}) — [[Кыргызстан|Кыргыз РеспубликасыРеспубликасынын]]нын [[Нарын облусу|Нарын облусуна]]н караштуу [[Нарын району|Нарын районундагы]]ндагы айыл. [[Ал Оттук айылы менен чогуу Он-АрчинАрча айыл округу]]өкмөтүнүн составынакурамына кирет. Айыл өкмөтүнүн борбору Эчки-Башы кыштагныа жайгашкан.

== Калкы ==
56-сап:
==Кыскача таржымакалы ==

[[СССР|Советтер Биримдигинин]] тушунда кыштак Тянь-Шань районунун (азыркы [[Нарын району]]) "Коммунизм" колхозунун борбору болгон.

Кыштакта Жусуп Иманалиев атындагы орто мектеп (анын жаңы эки кабар имараты 2017-жылы курулган), Жумакан Тынымсейитова атындагы эки кабат клуб бар.

===Эчки-Башыдан чыккан инсандар===

Кыштактагы алгачкы [[мектеп]]ти Сулайман Молдо ХХ кылымдын башында кургандыгы айтылат. Ал айылдыктарды арап жазмасында кат жазууга үйрөтүп, топурактан мектеп тургузган.

Совет доорундагы мектепти курууга чоң эмгек сиңирген башка бир айыл аксакалы - Жусуп Иманаалы уулу (Иманалиев) болгон.

1919-жылдан тартып мугалим болгон Жусуп Иманалиев учурунда Нарын, Ысык-Көл облустарында отузга жакын айылдык мектептин ачылышына салым кошкон. 1947-жылы Кыргызстанга эмгек сиңирген мугалим деген ардак наамга арзыган.

[[Файл:K.Jusupov, K.Suranova, J.Kadyrmambetov, T.Imanaliev 14.4.2007.jpg|thumbnail|right|Эчки-башылыктар (оңдон солго): Күмүш Суранова, Кеңеш Жусупов, Жумамүдүн Кадырмамбетов, Тынчтык Иманалиев. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2007-жылдын 14-апрели.]]

Пост-советтик доордо Эчки-Башы айылындагы мектепке Жусуп Иманаалы уулунун ысымы ыйгарылды.

Бул тоо койнундагы айылдан айтылуу манасчы Дуңкана Кочуке уулу чыккан.

Анын варианты Кыргыз улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар бөлүмүндө сакталууда.

Кыргыздын чыгаан диктору [[Капар Алиев]] жана анын карындашы, кыргыздын туңгуч архитектор окумуштуу айымдарынын бири Вера Алиева да Эчки-Башы кыштагында туулуп өскөн.

[[Image:40FEDAC4-FE2C-49A0-A1BE-12F6335F9BA3 mw800 mh600.jpg|260px|right|thumb|Капар Алиев. 1960-жылдардын акырындагы үй-бүлөлүк сүрөт архивинен. Бишкек (Фрунзе) шаары, Кыргызстан.]]

Эчки-Башыдан акын айым [[Тынымсейитова, Жумакан|Жумакан Тынымсейитова]], Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси [[Кеңеш Жусупов]] сыяктуу белгилүү зыялылар туулуп өскөн.

[[File:Kengesh Jusupov 11.3.2012 Bishkek.jpg|thumb|Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов. 11.3.2012.]]
95-сап:

Айылды ийгиликтүү жетектегендердин арасында мурдагы [[колхоз]] башкармалары Кудаш Саралаев, "Ленин" ордендүү '''Жусай Байсабаев''', айымдардын ичинен чыккан коомдук ишмер [[Суранова, Күмүш|Күмүш Суран кызы]], '''Садык Усупбеков''' жана башкалар болду.

Айылда таалим берген чыгаан педагог агартуучулардын арасында Өмүр Абдыкадыров, Самүдүн Шайкыев, Нурмукамбет (Кулум) Токтобеков, Кочкорбай Жумаев, Күлүйпа Жамантаева, Исмаил Оморов, Мукаш Акунов, Шакен Мамбеталиева, Батый эже, Жумакан эже, Батыйна эже, ошондой эле кийинки педагог муундун ар кыл өкүлдөрү бар.

105-сап:
==Айылдагы маданий жана башка жайлар, курулуштар==

Эчки-Башыдагы жалгыз орто мектептин жанында тээ 1975-жылы эле 1941-1945-жылкы Улуу Ата мекендик согуштун каармандарына арналган чоң эстелик тургузулган.

Айылдан чыккан жүздөн ашуун жигиттер бул улуу согушка катышып, далайы кайтпай калган.

1920-30-жылдардагы сталиндик репрессия да нечендеген айыл азаматтарынын өмүрүн кыйган.

1990-жылдары айылга жаңы жамы мечит да курулган. Ага чейин Көлбай Молдонун, Бектемир молдонун, андан мурда Сулайман молдонун чакан мечиттери болгон.2004-жылы жуз кишилик жаны мечит салынды.

Айылдагы эң эски күмбөздөрдүн арасында дөбөдөгү Айты уулу Чоро ажынын күмбөзү өзгөчө тарыхка ээ. Бул [[күмбөз]] 1920-жылдары тургузулган.

Айыл калкы дыйканчылык жана мал чарбасы, ошондой эле токойчулук, сугат каналын жөндөө, соода-сатык менен кесиптенет.

Эчки-башылык малчылар адатта [[Солтон-Сары]], Терс-Суу, Чуңкур-Суу, Көк-Дөбө сыяктуу жайлоолорго чыгышат. 2020-жылы жайында айылдыктар Терс-Муу жана Солтон-Сары жайлоолорунун экологиялык болочогун коргоого алган нааразылык жыйынды мектептин футбол талаасында уюштурушту.

Айыл жаштары спорт жаатында да коптогон ийгиликтерди жаратып келишуудо. Атап айтканда спорттун бокс туру боюнча 2007- жылы Рахатбек уулу Кожомкул КР өспүрүмдөр арасында үчүнчү орунду камсыз кылса, 2008- жылы Нурбек уулу Акылбек да үчүнчү орунду утуп алган.

Кыштакты айлантып курулган [[Он-Арча каналы]] көбүнесе коңшу "Эмгекчил" жана Миң-Булак айылдарынын талааларын сугарат.

2012-жылы июлда кыштактын Боз-Бешик дөбөсүнө "Мегаком" компаниясы өзүнүн сигнал кабылдагычын кургандан бери кыштак эли уюкфондун тейлөө кызматынан дурус пайдаланып калышты.Андан коп отпой "О" компаниясы да сигнал кабылдагычын орнотуп уюлдук байланыш кыйла жакшырды. 2013-жыл " Билайн" уюлдук компаниясы оз антенасын орнотту.

[[File:Vera Alieva in Bishkek 20.10.2012.JPG|thumb|Кыргыз архитектор айымы [[Алиева, Вера Нурматовна|Вера Алиева]]. Бишкек шаары, Кыргызстан. 2012-жылдын 20-октябры.]]

Эчки-Башы айылынын бейрасмий гимнинин текстин маркум жазуучу жана журналист [[Чороев, Кубанычбек Кадырмамбетович|Кубанычбек Чороев]] (1954-2019) жазган.

==Пайдаланылган адабият==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Эчки-Башы" булагынан алынды