Жайлоо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
м Reverted edits by 193.106.50.109 (talk) to last revision by Chaoborus
Белгилер: Rollback мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү Advanced mobile edit
 
1-сап:
[[Файл:Aerials Bavaria 16.06.2006 11-53-44.jpg|thumb|Жайлоо ([[Бавария]]).]]
'''Жайлоо''' – жайкы конуш, мал [[Жайыт|жайыты]]. Жайлоого абасы салкын, чөбү мол, суусу кенен жерлер тандалат. Жайлоо ички жана сырткы болуп бөлүнөт. Ички жайлоого бөксө тоолордогу, сырткы жайлоого алыскы бийик тоолордогу ([[Ысык-Көл|Ысык-Көлдүн]] сырты) жайыттар кирет. Жайлоонун чөбү жагымдуу жана сиңимдүү болгондуктан, мал тез эттенип, организми чың болот. Жайлоодо негизинен бетеге, шыбак, доңуз сырты, тулаң жана башка ар түрдүү чөптөр өсөт. Алардын курамында 8–10% протеин кармалат.
 
[[Кыргызстан|Кыргызстандын]] жайлоолору деңиз деңгээлинен 2500–3000 м бийиктикте орун алган, мисалы, Ак-Сай, Арпа, Кара-Төр, Көлтөр, Ашуу-Төр жана башка. Бийик тоо арасы төр, ат жайлоо делет. Жайлоолордун чөбүнүн түшүмдүүлүгү бирдей эмес, мисалы, ат жайлоолордо гектарынан 1,1 цден 14,9 цге чейин, бөксө тоолуу жайлоодон 5,3–18,3 цден чөп алынат. Жайлоо чөбү өсүп, сабак байлардын астында малга жегиликтүү, гүлдөп баш алганда күчтүү келет. Бөксө жайлоолордогу 1 ц кургак чөптө 45–80 тоют бирдиги, 7–10 кг сиңимдүү белок болот. Жайлоо чөбүндө иод аз. Жайлоо ар кандай бийиктикте болгондуктан, бийик тоолуу жайлоого кой, бөксө тоолорго уй менен жылкы жаюу сунуш кылынат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жайлоо" булагынан алынды