Архив: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Архив (Мураскана)''' же Мураскана (грекче arheia - сөзмө сөз - улуктар жазуусу, башкача айтканда расмий документтер) - 1) документ түрүндөгү материалдарды сактай турган өз алдынча мекемелер же мекемелердеги, уюмдардагы жана ишканалардагы ушул ишти аткаруучу бөлүмдөр; 2) мекемелердин, коомдордун жана жеке адамдардын иш-аракеттеринин натыйжасында топтолгон документациясындагы жазылмалар жыйындысы. Жазма булактарды жыйнап топтоо иши алгач Египет, Кытай, Байыркы Грекияда, Римде, Араб халифаттарында жана башка өлкөлөрдө мамлекеттик денгээлде колго алынган. Чет өлкөлүк архивдердин ичинен изилдөөчүлөр үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон бир нече архив бар: Батыш Европадагы чиркөө тарыхы (католик, протестантизм, православие жана башка) боюнча булактар, Европа, Америка, Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы сакталган Ватикан архиви; Францпядагы Батыш жана Борбордук Европанын, Россия жана СССРдин тарыхы камтылган документтер сакталган Улуттук архив; Англиянын жана Батыш Европанын, ошондой эле колониялык саясаттын тарыхын чагылдырган Улуу Британиянын мамлекеттик архиви жана башка. Кыргызстандын архив кызматы Совет өкмөтү тарабынан 1918-жылы 1-июнда «Архив иштерин кайрадан уюштуруу жана борборлоштуруу» декрети кабыл алынгандан сон башталган. 1924-жылга чейин Кыргызстан Түркстан АССРинин курамында болгондуктан, архивдик иштерди Түркстандагы борбордук башкармалык жүргүзгөн. 1926-жылы 1-сентябрда Кыргыз автономиялуу облусунун Аткаруу комитетинин алдында архив бюросу уюшулган. Ал 1927-29-жылдарда Борбордук архив, 1929-жылдан архив башкармалыгы деп аталган. Анын карамагына 4 кантондук (Фрунзе, Талас, Нарын, Каракол) жана Ош округдук архив бюролору кирген. Кийин алар жоюлуп, 1935-жылы 35 райондук, 1 шаардык архив түзүлөт. 1939-жылы республиканын архив уюмдары Ички иштер Эл комиссариатынын алдындагы архив бөлүмүнө толугу менен өткөрүлүп, көп документтер «жашыруун» сакталган. 1940-жылы 5 облусутук (Жалал-Абад, Ысык-Көл, Тянь-Шань, Фрунзе, Ош), 1944-жылы Талас облусу, 1941-жылы Кинофото документтеринин борбордук мамлекеттик архивдери уюшулган. 1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы архив бөлүмү архив башкармалыгы болуп өзгөртүлүп, райондук, шаардык архивдер Борбордук мамлекеттик архивдин филиалдары жана облустук мамлекеттик архивдер катары түзүлгөн. 1974-жылы Борбордук мамлекеттик архивде жеке фонду уюштурулуп, учурда анда республиканын 170тей белгилүү адамдарынын архивдик фонддору сакталып турат. 1980-98-жылы Жогорку архив башкармалыгы, 1998-жылдан КРнын Билим, илим жана маданият министрлигине караштуу Архив иштери боюнча департамент, 2005-жылдан КРнын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик Архив агентчилиги. Республикада учурда үч борбордук мамлекеттик архив, документтештирүү борбору, илимий-методикалык борбор, жети облусу, мамлекеттик архив, үч архив филиалы, 54 райондук, шаардык архив, мамлекеттик администрациялардын алдындагы жети архиви жана документ башкармалыгы бар. Аларда көлөмү 2237 миңден ашкан 12427 архив фонддору сакталууда. Кыргызстан архивчилери 1995-жылы июнда эл аралык архив кеңешине мүчө болуп киришкен. Республиканын мамлекеттик архив кызматынын алгачкы чыйырын А. А. Струкова, К. А. Денисов, С. Шералиева жана башка башташкан.
[[Категория:Архив]]
[[Категория:Кыргызстан]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Архив" булагынан алынды