Нефть: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м fix some numbers
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[File:Korňanský_ropný_prameň.JPG|thumb|250px]]
 
'''Мунай(Нефть) ''' — мүнөздүү жыты бар, саргыч-күрөң түстөгү, илээшкек май сымал күйүүчү суюктук. Тыгыздыгы боюнча суудан жеңил. Кайноо t 100°С төмөн. Жылуулук бөлүп чыгаруу жөндөмдүүлүгү — 10500 ''ккал/кг. ''Элементтик курамы: 84-87% С, 12-14% Н, 0,5-2% О. Н. негизи углеводород (парафиндүү жана ароматтуу) аралашмасынан жана курамында кычкылтеги, күкүртү азоту бар углеводороддон турат. Углеводороддуу бөлүгү углеводороддон турат. Чексиз углеводороддор Н. курамында кездешпейт. Н. негизги массасы С<sub>5</sub>Н<sub>12</sub>, С<sub>15</sub>Н<sub>32</sub> суюк парафиндер. Нафтен углеводороду, циклопентан, циклогексан жана алардын гомологдору түзөт. ''Бензол, толуол, ''ксилол түрүндөгү ароматтык углеводороддор аз. Ар түрдүү класстагы углеводород санына жараша Н. парафиндүү, нафтендүү жана нафтен-ароматтык болуп бөлүнөт. Мисалы, нафтендүү Н. курамындагы нафтен углеводороддору саны 60% чейин жетет. Орг. бирикме түрүндө (нафтен к-тасы, ''фенол ''ж, б. чайыр заттары) кычкылтек саны 0,1 -5,7% түзөт. Бул бирнкмелер Н. күңүрт өң берип, ысытууда ажырайт жана кокстошот. Күкүрт эриген турүндө же меркаптан, сульфид, дисульфид, тиофен бирикмелеринин курамында болуп анын Н. саны 2% чейин жетет. Н. бардык түрүндө азот, кукүрт, кычкыл-тек суутек жана көмүртек турган жогорку мол-луу асфальт чайыр заттары болот. Кээ бир Н. ичинде мындай зат саны 40% чейин жетет. Минераддык заттар ''(суу, туздар ж. 6.) '' аз санда болсо да, Н. курамында кездешет. Өндүрулгөн Н. 90-95% энергия алууда, 5-10% гана [[химия|химимялык]] &nbsp;өнөр жайында сырьё катары колдонулат. Н. эн көп өндүргөн өлкөлөргө [[Иран]], [[Ырак|Ирак]], [[Кувейт]], [[Сауд Арабиясы|Сауд Аравиясы]], [[Орусыя|Россия]], [[Азербайжан]] жана башка өлкөлөр кирет.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Нефть" булагынан алынды