Монархия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
1-сап:
'''Монархия(Падышалык)''' (Monarchs <monos – жалгыз + archos < башкаруучу) – [[мамлекет]]тик башкаруунун бир формасы; мамлекеттик бийлик жеке бир адамдын колунда болот.
 
Бийлик [[мураска]] калат. Тарыхта Монархиянын алгачкы формасы абсолюттук Монархия болгон. Ага кандайдыр бир өкүлчүлүк мекемелеринин жоктугу менен катар эле бардык мамлекеттик бийликтин монархтын, [[Падышачылык|падыша]], хан, император ж. б. колунда топтолушу мүнөздүү. Бүгүнкү күндө, 40 ашуун Монархия өкүм сүрүүдө; Монархиянын негизин конституциялык: монархтын укуктары жана полномочиелери өлкөнүн конституциялары тарабынан чектелип турат. Абсолюттук Монархия айрым өлкөлөрдө: Сауд Аравиясында, Катарда, Оманда, ОАЭда сакталып калган. Конституциялык монархиялар эки түрдө: дуалисттик жана парламенттик функцияларды аткарышат. Дуалисттик Монархия артта калган өлкөлөр үчүн мүнөздүү. Ал жерлерде феодализмдин калдыктары дале да болсо зор ролду ойноп, буржуазиянын экономикалык жана саясий позициялары алсызыраак. Дуалисттик Монархия негизинде начарлап жаткан феодализм менен күч алып аткан буржуазиянын ортосундагы компромисс. Саясий мекемелердин эки тиби – [[Феодализм түшүнүгү|феодалдык]] Монархия жана буржуазиялык парламент өз ара мамлекеттик бийликти бөлүштүрүшөт.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Монархия" булагынан алынды