Иммунитет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Иммунитет (Тоотпостук)''' ({{lang-la|immunitas}} — бөлөк нерседен кутулуу) — тирүү организмдин оору (ылаң) козгогучтарына, алар бөлүп чыгарган уу заттарга жана генетикалык жактан организмге бөтөн антигендик касиеттери бар белокторго карата болгон туруктуулугу. Иммунитет организмдин бөлөк заттарды өзүнүкүнөн ажырата билүү жөндөмдүүлүгү, себеби, бул учурда тең салмактуулук (гемостаз) сакталат. Иммунитет тубаса (табигый) жана жасалма жолдор менен тандалып, көптөгөн жылдарга созулган эволюциянын негизинде, организмдин укум-тукумуна берилген туруктуулуктун жана мите организминин өзгөрүшүнүн негизинде чыккан кубулуш. Иммунитет жугуштуу жана жугушсуз факторлорго карата да пайда болот. Келип чыгышы боюнча иммунитет тубаса (табигый) жана жасалма болуп экиге бөлүнөт. Тубаса иммунитет жаныбар жана адамдарга тиешелүү тукумдан тукумга берилүүчү туруктуулук. Тубаса иммунитет жаныбарлар арасында жакшы байкалат, мисалы, чочко бодонун чумасы менен ылаңдабайт, тескерисинче ал бодого чочкодон жукпайт. Жаныбар киши оорусу котон жара, холера менен ылаңдабайт. Организмге антигендүү заттар бактериялар, вирустар, алардын уулары, мите курттар киргенде организмдеги өзгөрүлгөн клеткаларга жана организмге ткань же орган хирургиялык жол менен жамалганда аларга каршы заттар антителолорду пайда кылат. Алар антигендер менен өз ара аракеттенишип, бири-бири менен байланышып, антиген антитело бирикмесин түзөт. Мунун натыйжасында антигендер организмге болгон зыяндуулугун жоготот. Антителонун бир бөлүгү кандын суюк бөлүгүндө иштелип чыгат (гумордук иммунитет). Мындан тышкары микробдор организмге киргенде, клеткаларда аларга каршы заттар пайда болот (клеткалык иммунитет). Кийин пайда болгон иммунитет организмге антигендердин таасир этишинен келип чыгат. Анын активдүү жана пассивдүү түрү бар. Кийин пайда болгон активдүү иммунитет жугуштуу оору менен ооруп айыккандан же организмге вакцинаны киргизгенден (эмдөө) кийин пайда болот. Мисалы, адам кызылча, кептөөр, көк жөтөл, суу чечек ж. б. оорулар менен ооругандан кийин, организм бул оорулардын козгогучтарына каршы өмүр бою туруктуу же узакка сакталган антитело иштеп чыгат. Мунун натыйжасында бул оорулардын айрымдары менен экинчи оорушпайт же сейрек оорушат, ооруса да жеңил өтөт. Себеби денедеги ошол оорунун козгогучуна каршы заттар, козгогуч экинчи жолу денеге жукканда аны дароо эле жугушсуздандырат. Организм ар бир оорунун козгогучуна гана дароо каршы тура алуучу атайын заттарды бөлүп чыгарат. Айрым оорулардан кийин иммунитет кыска мөөнөткө гана пайда болот. Мисалы, дизентерия ж. б. оорулар менен кишилер өмүрүндө бир нече жолу оорушу мүмкүн. Кийин пайда болгон иммунитеттин пассивдүү түрүндө антителолор эненин организминен түйүлдүккө анын тону аркылуу берилет. Мунун натыйжасында жаңы төрөлгөн бала алгачкы 3-6 айларында балдардын кызылча, кептөөр, көк жөтөл, полиомиелит ж. б. жугуштуу ооруларынын козгогучтарын кабыл албайт жана алар менен оорушпайт. Пассивдүү деп аталышынын себеби, антитело баланын денесинде иштелип чыкпастан, аны энеден даяр түрдө алат. Пассивдүү иммунитетти ооруп айыккандардын, эмделгендердин канынан даярдалган айрым оору козгогучтарына каршы атайын антителолор бар глобулиндерди же кан сары суусун организмге киргизип, жасалма пайда кылса да болот. Айрым ооруларга каршы пландуу түрдө эмдөө жүргүзүлөт. Киши организми кээ бир жаныбар, канаттуулар жана малдын ылаңын пайда кылуучу микробдорго туруктуу болот. Мисалы, киши малдын чумасы менен дээрлик оорубайт. Адам жана жаныбар организминин мындай айрым оору козгогучун кабыл албоочулук жөндөмдүүлүгү тубаса иммунитеттин болушу менен түшүндүрүлөт. Вирустук жугуштуу оорулардан коргонууда организмдин вирустарга каршы атайын белок интерферонду иштеп чыгышы, кан сары суусу, лимфа, ткань суюктугундагы белоктордун (комплемент) жана фагоцит клеткалардын ролу да чоң. Организмдин түрдүү оорулардан коргонууга багытталган реакциясын лимфа системасы ишке ашырат. Бул системага сөөктүн чучугу, тимус (ачакей без, көк боор, лимфа бездери ж. б.) кирет. Инфекцияга же вакцинанын киришине жооп катары активдүү иммунитет пайда болууда лимфоциттер негизги ролду ойнойт. Алардан чыккан плазма клеткалары антитело иштеп чыгарат.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Иммунитет" булагынан алынды