Молекула: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Methane-3D-space-filling.svg|thumb|[[метан]] (СН4).]]
'''Молекула, күкүм''' — берилген зат негизги [[химия|химимялык]] касиеттерин алып жүрүүчү эн кичи-некей бөлүкчө. М. бир же ар түрдүү элементтер [[Атом (химияда)|атомунан]] туруп, атом ядролору менен электрондун бирдиктүү, кыймылдуу системасы катарында жа-шайт. Атомдор М. негизинен сырткы (валенттик) электрондору менен [[химия|химимялык]] байланыш аркылуу биригишип, мейкиндикте белгилүү ирет менен жайгашат. М. химимялык байланыш бир, эки же үч жуп электрондор аркылуу ишке ашат да, алар химимялык байланыш менен бириккен эки атомго бирдей тиешелүү болот. Байланышкан эки атом касиеттерине жараша уюлдуу жана уюлсуз М. пайда болушу мүмкүн. Оң жана терс заряддары борборлору дал келишпесе уюлдуу, дал келишсе уюлсуз М. пайда болот. Уюлдуу М. туруктуу диполдук моменти болот, ал эми уюлсуз М. болбойт. Валенттик электрондор [[металл]] атомунан металл эмес атомуна өтүп кетсе, анда иондор пайда болот. М. түзгөн атомдор саны кеңири чекте өзгөрөт, мисалы, Н 2, N2 , СО жана башка М. эки атомдон баштап көп миңдеген атомдорго чейин куралат. Бир атомдуу М. (асыл газдар) атом жана М. түшүнүктөрү бири бирине дал келишет. М. курамы [[химия|химимялык]]; формулалар менен туюнтулат. Зат эмпирикалык формуласы (мисалы, суунуку — Н 2О, метан — СН4, этил спирти С2Н5 ОН жана башка) жана анын мол. с. [[химия|химимялык]] анализ натыйжасында М. түзгөн атомдор сандык катыштарын аныктоо менен табылат. А. М. Бутлеров, Ф. А. Кекуле, А. С. Купер жана башка химиктер түзгөн [[органика|органикалык]]  заттар түзүлүш теориясы М. түзүлүшүн атомдор ортосундагы байланыштар иретин жана тартибин чагылдыруучу структуралык формулалар менен туюнтууга мүмкүндүк берди. Бирдей эмпирикалык формулага ээ болушкан М. ар түрдүү түзүлүшкө жана касиеттерге ээ болушат (изомерлер). Физикада М. түшүнүгү газ, суюк жана катуу заттар касиеттерин түшүндүрүүдө пайдаланылат. Иондук жана атомдук кристаллдарда айрым М. ажыратуу мүмкүн эмес, бүтүндөй бир кристалл гигант М. сыяктанат. М. структурасы кристаллдык абалдан газ абалына өткөндө өзгөрөт. Мисалы, N 2O5, газ абалында айрым М. турса, кристалл-да NО2- жана NO3- иондорунан турат. М. түзүлүшү мейкиндикте атомдордун жайгашуу иретине жараша болот. М. түзгөн атомдор ядролору ортосундагы аралыктар алардын байланыш энергиясын мүнөздөйт. Валенттик байланыштар менен бириккен эки атом ортосундагы аралык (А) түрдүү бирикмелер М. бирдей болот да, байланыштын эселиги өскөн сайын азаят: С-С 1,54; С=С 1,34; CºС 1,20. Ошондуктан М. түзгөн ар бир атом окистенүү даражасына жараша ага мүнөздүү иондук, коваленттик же атомдук радиустары менен туюнтулат. Бул радиустар М. түзгөн атомдор электрондук катмарынын өлчөмүн көрсөтөт. Валенттик байланыштар менен бириккен атомдор бири-бирине тыгыз жакындаша ала турган аралыктары ван-дер-ваальс радиустары менен (А) туюнтулат; Н = 1,0; С= 1,75;N = 1,5;О = 1,4; Сl = 1,8;Вr = 2,0; I = 2,2 жана башка М. атомдор кова-ленттүү байланыштары атомдук орбиталдар гибриддик абалдарына жараша мейкиндикте белгилүү бир бурчтар боюнча жайгашат. Ошондуктан көп атомдуу М. мейкиндикте өзүнө таандык конфигурацияга ээ болушат. Мындай байла-ныштар багыттары же конфигурациялары байланыш үзүлмөйүнчө өзгөрбөйт. М. симметриясынын борбору жана атомдор жайгашуу багыттары дал келбесе, түрдүү изомерлер пайда болот. Азыркы мезгилде [[химия|химимялык]]  байланыш теориясы М. түзгөн атомдордун аралыгын, [[химия|химимялык]]  байланыштардын энергиясын, М. энергиясын, жана башка эсептөөгө мүмкүндүк берди. М. магниттик касиеттерине жараша парамагниттүү жана диамагниттүү болуп бөлүнөт. Ва-ленттик электрондор орун алган энергетикалык деңгээлде жалкы электрондор болсо, парамагниттүү, ал эми жупташкан электрондору болсо, диамагниттүү касиетке ээ болушат. М. жөнүндөгү толук маалымат молекулалык спектрден алынат. М. түзүлүшү рентгенструктуралык анализ, нейтронография, электронография, ЭПР, ЯМР, ЯКР жана башка спектроскопиялык методдор менен изилденет. Жаратылышта жүрүп жаткан бардык процесс М. өз ар аракеттенүүлөрүнө жана айланыштарына көз каранды болгондуктан М. изилдөөнүн практикалык жана теориялык мааниси чон.
 
''Ад.-. ''Волькенштейн М. В. Строение и физические свойства молекул. М-Л., 1955. Слэтер Дж. Электронная структура молекул, пер. с англ. М., 1965. Флайгер У. Строение и динамика мопскул, пер. с англ. Т. 1-2, М., 1982.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Молекула" булагынан алынды