Элдик медицина: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
3-сап:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму салттуу медицинаны «биз аларды түшүндүрө алган-албаганыбызга карабай, ден-соолукту сактоо, тулку-бойлук жана психикалык илдеттерден алдын алуу, диагностикалоо жана адамдын абалын жакшыртуу үчүн колдонулуучу түпкүлүктүү калктын жана ар башка маданият өкүлдөрүнүн теориясына, ишенимдерине жана тажрыйбасына негизделип, топтолгон билимдин, ишенимдердин жана көндүмдөрдүн жалпы жыйындысы» катары аныктайт.<br />
 
== Кыргыздын элдик медицинасынын тарыхы ==
Совет мезгилиндеги кыргыздардын элдик медицинасына мамиле бир кылка болгон эмес. Элдик билим [[Эмпиризм|эмпирикалык]], пайдалуу жана прагматикалык кызыкчылыктарды көздөгөн (негизинен чөп-чар менен дарылоо жана натуропатия) жана сыйкырдуу-мистикалык (шамандык ырым-жырымдар, дарымдоо сыйкырлар, дубалоо, зыярат кылуу) болуп бөлүнүп, өткөндүн калдыгы катары жарыяланып, тыюу салынган.
 
16-сап:
1990-жылдары зыярат кылуу жана башка жөрөлгөлөр жаңы дем менен жанданып, калыбына келтирилген ыйык жайларда, минералдык булактарда же Совет доорунда эс алуучу-ден соолукту чыңдоочу комплекстерге айланган жерлерде өткөрүлүп келет.
 
== Кыргыздын элдик медицинасы ==
Кыргыздын элдик медицинасында картык менен кан алуу, сүлүк салуу, кийиз күйгүзүп басып, кандын агышын токтотуу, тамыр кармап ооруларды «ысык» же «суук» деп бөлүп, тамактануу жолун көрсөтүү жана башкалар («ысык» болсо оорулууга мүнөз тамак же 20—30 күн кайнак суу берип, ачкалык менен, «суук» болсо күчтүүлөп тамак берип дарылаган) колдонулган. Ошондой эле Элдик медицинада ооруну басаңдатуу же жарааттын ириңин сордуруу максатында түрдүү чөптөрдү жана алардан жасалган дарыларды тартышкан, ичиришкен; айбанаттардын өтүн, майын сыйпашкан; кеперес, ачык таш, сымап жана башкалар минералдык заттарды да дары катары колдонушкан. Табыптардын колдонгон ыкмалары, дарылары көп учурда зыяндуу келип, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган, жугуштуу ооруларды таратууга шарт түзгөн. Ошону менен катар Элдик медицина анын дарыгерлери билими жагынан төмөнкү баскычта турушса да, колдонгон каражаттары эң жөнөкөй болсо да өз убагында калкка чоң жардам көрсөтүшкөн. Элдик медицина кээ бир ыкмалары жана баалуу тажрыйбалары (мисалы, ийне сайып дарылоо, чөп менен дарылоо жана башкалар) илимий медицинада колдонулат.
 
== Үй шартында дарылоо ==
Үй шартында дарылоо (кээде кемпирлердин эми-дому деп да аталат) – айрым бир жыпар жыттуу заттар, чөптөр, жашылчалар же дагы башка кеңири таралган нерселерди колдонуп, кеселди дабалоо. Көпчүлүгү жөн гана салттын, көнүмүш адаттын шары менен же бейтапты дарынын таасирине ишендирүү үчүн гана (плацебо эффектиси) колдонулат.
 
28-сап:
Көптөгөн европалык спирт ичимдиктери же дижестивалар алгач дары каражаты катары сатылган. Кытайдын элдик медицинасында дары кайнатмалар (чөптөр кошулуп, узак мөөнөт ичинде даярдалган күрүч шорпосу), тамак-аш азыктары жана шорполор дабалоо практикаларынын бир бөлүгү болуп эсептелет.
 
== Сын ==
ДСУ: «Салттуу дары-дармектерди же ыкмаларды туура эмес колдонуу терс же кооптуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн жана элдик медицина тутуму колдонгон мындай усулдар менен дары-дармек өсүмдүктөрүнүн майнаптуулугун жана коопсуздугун аныктоо үчүн мындан ары изилдөөлөрдү жүргүзүү керек», – деп белгилейт.
 
37-сап:
Кээде жоголуп бараткан, мисалы жай лори сыяктуу жаныбарлар салттуу дары-дармектер үчүн өлтүрүлөт. Майнаптуулугу далилденбесе дагы акулалардын калкандары элдик медицинада колдонулуп келген. Бул адат акулаларды кырып-жоюуга алып келип, экотутумга чоң зыян тийгизет.
 
== "Манастагы" элдик медицина ==
Элдик медицина — адамды ар түрдүү дарылар, дары өсүмдүктөр (көбүнчө чөптөр), минералдык заттар, айрым жаныбарлардын эти жана ички органдары жана башкалар дарылык касиети бар заттар менен айыктыруу жөнүндөгү элде чогулган маалыматтар, эмпирикалык түшүнүктөр. Кыргыз Э. м-сында суу берүү, териге алуу, жылуу сууга салуу (арашан), ысыктоо, ушалатуу, кан алуу, сүлүк салуу, тамыр кармоо жана башка ыкмаларды колдонулуп келген. Кыргыздардын мурунку көчмөн турмушунда элдик хирургия болгондугу да белгилүү. Мисалы, сынган сөөктү сакайтуу , жөнөкөй операцияларды жасоону билген. Жөнөкөй хирургиялык аспаптарды колдонгондуу менен дарылагандыгы азыркы учурга чейин белгилуу. Бул маалыматтар азыркы мезгилге чейин кагаз турундо аз жазылып,ооздон озго айтылып бизге чейин жеткен жетти.<br />
[[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] жогоруда айтылган дары заттар жана элдик дарылык ыкмалардын көпчүлүгү анын бардык варианттарынан жана версияларынан кездешет.<br />
109-сап:
Корутундулап айтканда [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] Э. м-га байланыштуу бир топ маалыматтар камтылган. Мында чагылдырылган ар кандай дарылар: (өсүмдүк чөптөрдөн, минералдардан, жаныбарлардын продукцияларынан) кыргыз элинин илгерки турмушунда пайдаланылып келгени этнографиялык материалдар менен бышыкталып турат. Кыргыз элинин көчмөн турмушунда сынган сөөк-саакты сакайтуу, айрым башка ооруларды айыктыра билүү кадыресе көрүнүш болгон. Мына ушул илгертен берки келе жаткан Э. м. тууралуу кыргыз элинин эмпирикалык тажрыйбасы [[«Манас» эпосу|«Манас» эпосунда]] чагылдырылган.
 
== Колдонулган адабият ==
*Wikipedia <nowiki>[https://en.wikipedia.org/wiki/Traditional_medicine#]</nowiki>;
* World Health Organization; <nowiki>[https://www.who.int/]</nowiki>;