Нишиваки, Такао: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Алгачкы макала
Белги: 2017 source edit
(Айырма жок)

21 январь 2021, саат 21:06 учурдагы нуска

Такао Нишиваки (Takao Nishiwaki; 1943-жылдын 19-сентябрында туулган) – жапониялык заманбап түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор. Теги жапон. “Манас” эпосу жаатында бир катар эмгектер жарыялаган, «Манас» эпосунун Жусуп Мамай айткан вариантынын айрым бөлүктөрүн жапон тилине которгон. Кытайдагы аз сандуу этностордун адабиятын изилдеген адис.

Кыскача өмүр таржымакалы

Такао Нишиваки 1943-жылдын 19-сентябрында Жапониянын борбору Токио шаарында туулган.
1967-жылы Токио Борбордук университетинин гуманитардык факультетин аяктаган.
1970-жылы ошол эле университеттин жогорку гуманитардык мектебинде магистратурасын окуп бүтүргөн.
Симане университетинин юридика жана адабият факультетинде 1978-жылы доцент, 1986-жылы профессор болгон.
1995-жылы Нагоя университетинин чет тилдер факультетинде профессор болуп эмгектенген.
2014-жылы ошол университеттен ардагерликке чыккан. Көбүнесе Кытайдагы аз сандуу этностордун адабиятын изилдеп келет.


Симанэ университетинин профессору кезинде Нишиваки Такао: “Эгерде башка улуттар өздөрүнүн маданиятын жана тарыхын архитектура, скульптура, бок сүрөт (живопись) аркылуу таанышса, кыргыз эли эркиндик үчүн күрөшүн, тарыхын, элдин жашоосун оозеки түрдө “Манас” эпосу аркылуу чагылдырып келген”, – деп жазган.

Манас таануудагы салымдары

Профессор Такао Нишиваки “Манас” эпосу жаатында бир катар эмгектер жарыялаган.
Ал ошондой эле «Манас» эпосунун кытайлык кыргыз манасчы Жусуп Мамай айткан вариантынын айрым бөлүктөрүн жапон тилине которгон.
1993-жылы, Нишиваки “Кыргыздын баатырдык эпосу “Манас” кытайлык изилдөөлөрдө” атту эмгегин “Кытай – коом жана маданият” журналынын сегизинчи чыгарылышына жарыялаган.

Н.Такао мырза бээжиндик кыргыз илимпоз, профессор Адыл Жуматурдунун манасчы Жусуп Мамай тууралуу эмгегин да жапон тилине которгон. [1]

 
Профессорлор Адыл Жуматурду уулу жана Токтобүбү Ысак кызы коноктор жана уул-кызы менен Бээжинде. Отургандардан оңдо биринчи - профессор Такао Нишиваки. Ортодо - Карл Райхл. 21.10.2015.


Эмгектери



  • Gendai no homerosu ni kiku ― Chūgoku Kirugisu-zoku no katarite jusupu mamai hōmon-dan ― adiru jumatourudi shiru Nishi Waki Takashi otto-yaku [Ask modern Homer: -A visit to the Chinese Kyrgyz narrator Jusp Mamai, By Adil Jumaturdi / Translated by Takao Nishiwaki] // Nagoyagakuindaigaku ronshū gengo bunka-hen dai 23-kan dai 2-gō (2012-nen 3 tsuki) [The Nagoya Gakuin Daigaku Ronshu; Journal of Nagoya Gakuin University; LANGUAGE and CULTURE, Vol. 23, No. 2 (March 2012)]. – pp. 63-76. – URL: doi/10.15012/00000724.



Нишиваки жана Кытайдагы манасчылар, чыгыштагы манас таануу тууралуу адабият

  • Gendai no homerosu ni kiku ― Chūgoku Kirugisu-zoku no katarite jusupu mamai hōmon-dan ― adiru jumatourudi shiru Nishi Waki Takashi otto-yaku (Ask modern Homer: - A visit to the Chinese Kyrgyz narrator Jusup Mamai, By Adil Jumaturdi / Translated by Takao Nishiwaki), In: Nagoyagakuindaigaku ronshū gengo bunka-hen dai 23-kan dai 2-gō (2012-nen 3 tsuki) (The Nagoya Gakuin Daigaku Ronshu; Journal of Nagoya Gakuin University; LANGUAGE and CULTURE, Vol. 23, No. 2 (March 2012)). – pp. 63-76. – URL: doi/10.15012/00000724.
  • Ху Чженхуа, Мухамед. «Манас» жана анын варианттарын жана булактарын изилдөө:[Текст]/Ху Чженхуа // Шинжаң коомдук улуттар кабарлары. - 1989. - № 4.
  • Ху Чженхуа, Дор Реми. Иньцзяндык кыргыздардын «Манасы» // Ала-Тоо, 1995.
  • Ху Чженхуа, Мухамед. Хэйлунцзян провинциясындагы Фуюй уездинин кыргыздары: [Текст] / Ху Чженхуа. - Үрүмчү: Борбордук улуттар ун-ти, 1981.
  • Мамбетакун М. «Манас» эпосунун варианттары жана манасчылык / Редколлегия: Т. К. Чоротегин (төрага), М. А. Карыбаева, ж.б.; Баш сөзүн жазган жана басмага даярдаган илимий редактор Чолпон Субакожоева. - Бишкек: “Нур-Ас” басмасы, 2014. - 319 б. - “Мурас” коомдук фонду. – (“Тарых жана мурас” түрмөгү). – ISBN 978-9967-12-428-8.
  • Ысак кызы, Токтобүбү, Жуматурду уулу, Адыл. Залкар Манасчы Жүсүп Мамай / Редколлегия: Т.К.Чоротегин (төрага), А.Акматалиев, ж.б.; илимий редактору Гүлзада Абдалиева. – Б.: “Принт Экспресс”, 2014. – 328 б. - “Тарых жана мурас” түрмөгү (Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” кору; “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБ). - ISBN 978-9967-12-401-1.
  • Мамай Ж. Манас / Айтуучу Жүсүп Мамай; Жооптуу редакторлору Абдырай Осмон, Маметкары Абдыкерим, Сабыржан Турганбай; сунушталган редактору Макелек Өмүрбай. – 2-басылыш. - Үрүмчү: Шинжаң эл басмасы, 2012. – 1875+6 бет. – Шинжаң Уйгур аптоном райондук эл ооз адабийет – көркөм өнөрчүлөр коому. – ISBN 978-7-228-08932-1.
  • Райхл К. Тюркский эпос. Традиции, формы, поэтическая структура: [Текст] /К. Райхл. Пер. с англ. В. Трейстер под ред. Д.А. Функа. - M., Восточная литература, РАН, - 2008. - 383 с.
  • Турдуева А. Кытайлык кыргыздардын социалдык-экономикалык абалы (1950-1990жж.): Тарых илим. канд. диссертациясы: 07.00.02: [Текст]/А. Турдуева. Тарых ин-ту КР УИА. - Б., 1997.
  • Субакожоева Ч.Т. Кытай кыргыздарындагы «Манас» эпосунун сакталуу жана өнүгүү тарыхы (Кызыл-Суу кыргыздарынын мисалында) [Текст] / Ч. Субакожоева. Илимий ред. проф. Т.К.Чоротегин. – Бишкек: Оптима Текноложис, 2015. – 216 б.
  • Turdu, Mambet / Gundula Salk. "The Fu-Yu Gïrgïz and their past. Three stories collected in Manchuria during the Period of the Establishment of the People’s Republic of China". In: Turcica, 30 (1998), pp. 287-296.
  • Zhang Ding Jing. Central Asian ethnic language and culture studies: Professor Hu Zhenhua 80th anniversary of the birth of the 60th anniversary of the Central University for Nationalities school building, Beijing, Central University for Nationalities Press (January 1, 2000). - ISBN-10: 7566000896. - ISBN-13: 978-7566000897

Интернеттеги шилтемелер

Ички шилтемелер

  1. Gendai no homerosu ni kiku ― Chūgoku Kirugisu-zoku no katarite jusupu mamai hōmon-dan ― adiru jumatourudi shiru Nishi Waki Takashi otto-yaku (Ask modern Homer: - A visit to the Chinese Kyrgyz narrator Jusup Mamai, By Adil Jumaturdi / Translated by Takao Nishiwaki), In:  Nagoyagakuindaigaku ronshū gengo bunka-hen dai 23-kan dai 2-gō (2012-nen 3 tsuki)   (The Nagoya Gakuin Daigaku Ronshu; Journal of Nagoya Gakuin University; LANGUAGE and CULTURE, Vol. 23, No. 2 (March 2012). – pp. 63-76. – URL: doi/10.15012/00000724.