Атом (философия): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Робот: Автоматизированная замена текста (-* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы) +*[[Философ...
No edit summary
Белгилер: Reverted мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''Атом (кыпын, зара)''' ([[Грек тили|грек]]. atomos – бөлүнбөс) – Левкипп тарабынан киргизилген [[Байыркы Грек философиясы|байыркы грек философиясындагы]] түшүнүк, ал бардык нерселерди түзүүчү эң кичине, майда, андан ары бөлүнбөгөн болмуштун бирдигин туюнткан.
 
Левкипптин окуусун улантуучулардын ([[Демокрит]], Эпикур) пикири боюнча, Атомдор [[Материя|материянын]], ал гана тургай жандын составдык бөлүкчөлөрү катары түбөлүктүү, дайыма кыймылда, өз ара аракеттенишүүлөрдө болушат, ушул байланыштар, тынымсыз аракеттенишүүлөр аркылуу нерселер түзүлөт; Атомдор формалары, чоңдуктары, катарлары, абалдары жана оордуктары жагынан айырмаланышат. Демокриттин атомисттик окуусу [[Эпикурчулардын мектеби|эпикурчулардын мектеби]] тарабынан улантылып, кийинчерээк [[Жаңы Мезгил|Жаңы Мезгилдеги]] илимдин өнүгүшүндө пайдаланылган. Мисалы: Бойль, айрыкча Дальтон тарабынан Атом түшүнүгүнүн [[Химия|химияга]] киргизилиши жемиштүү болгон.
 
Азыркы учурда Атом физиканын изилдөө предмети болуп калды. Мурда, атам бөлүнбөс деп далилденип келсе, кийин илимде анын татаал структурасы жана бөлүкчөлөргө бөлүнүшү белгилүү болгон.
 
== Колдонулган адабияттар ==