Нажийе Ата Йылдыз (Жылдыз): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
алгачкы жалпы маалымат
Белги: 2017 source edit
(Айырма жок)

22 январь 2021, саат 12:38 учурдагы нуска

Нажийе Ата Йылдыз (Жылдыз) (Naciye Ata Yıldız; 1958-жылы Стамбул шаарында туулган) - түркиялык заманбап окумуштуу, түрколог, кыргыз таануучу, манас таануучу, профессор, доктор.


Кыскача өмүр баяны

Түркиялык белгилүү «Манас» таануучу, түрколог Нажийе Ата Йылдыз 1958-жылы Стамбул шаарында жарык дүйнөгө келген.

1979-жылы «Стамбул» атындагы университетти ийгиликтүү аяктаган.
1984-жылы Хажеттепе университетине илимий кызматкер катары орношуп, илим жолуна аттанган.
1987-жылы Гази университетинде магистрдик диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Ушул эле университетте 1994-жылы Проф. Д-р. Умай Гүнайдын илимий жетекчилиги алдында «Радловдун «Манас» эпосу тексти. Эпостогу кыргыз маданиятына байланыштуу аныктоолор жана анализдер» деген темадагы доктордук (PhD) диссертациясын коргогон.

= «Манас» эпосун изилдөө

Нажийе Ата Йылдыз тарабынан «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине жакын мезгилде корголгон бул илимий иш 1995-жылы Анкара шаарында китеп болуп басылып чыккан. Түркия делегациясы бул китептин атайын даярдалган нускасын Кыргызстанга алып барып, Кыргыз Президентине жана мааракеге келген башка конокторго белек кылган. Нажийе Йылдыз Түрк делегациясынын курамында Кыргызстанга барып, «Манас» эпосунун 1000 жылдык мааракесине катышкан жана эпос боюнча жазган эмгеги үчүн эл аралык «Манас-1000» маараке медалы менен сыйланган. Йылдыздын «Манас»  эпосу боюнча эмгеги Түркияда да жогору бааланган. Түркиянын абройлуу уюмдарынын бири болуп эсептелген «Түрк ожаклары» өзүнүн «Зыя Гѳкалп» атындагы илимий сыйлыгын 1996-жылдын 6-апрелинде Йылдызга ыйгарган. Йылдыздын аты аталган китеби 2017-жылы кайрадан басылып чыккан. Нажийе Йылдыздын илим чѳйрѳсүнѳ таанылышында «Манас» эпосунун орду чоң десек жаңылышпайбыз.

Нажийе Йылдыз «Манас» эпосу боюнча кыргыз журналисттерине берген маегинде: «Бүгүн биз көз карандысыз, эркин кыргыздар жөнүндө кеп козгосок, анда аларды маңдайыбызда көрүп жаткан болобуз. Бул сөзсүз түрдө «Манас» эпосу аркылуу ишке ашып жатат, эркин эл гана ушундай эпосту жарата алат. Мен буга чын дилимден ишенем. Ошончо кылымдардан бери тарыхый окуяларды бизге чагылдырган дүйнө жүзүндө «Манас» эпос сыяктуу башка эч бир эпос жок. «Манас» тарыхта изи калган, калбаган баардык түрктөрдүн символу. Мен Кыргызстан менен дос эмес, тууганбыз деп билем», — деген пикирин билдирген. Нажийе Йылдыз 2016-2017-жылдары Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы «Манас» эпосун толугу менен түрк тилине которуу долбооруна жигердүү катышып, котормону редакциялоону ишке ашырган.Негизи эле Йылдыздын илимий эмгектеринин басымдуу бѳлүгүн «Манас» эпосу боюнча жазылган макалалар жана докладдар түзѳт. Ал эпостун дээрлик бардык темалары боюнча изилдѳѳлѳр жүргүзгѳн.

Нажийе Йылдыз Түркияда басылган «Түрктѳр», «Түрк дүйнѳсү адабиятчылары», «Орток түрк адабияты» сыяктуу ар кыл энциклопедияларда кыргыздарга байланыштуу 300дөн ашуун темада макала жазган. Бул макалалардын көпчүлүгү «Манас» эпосу жана манасчылар тууралуу макалалар. Бул макалалар аркылуу Йылдыз «Манас» эпосунун Түркияда таанылышына жана эпостун фольклорго жана адабиятка тиешелүү энциклопедияларда орун алышына өтө чоӊ салым кошкон.

Кыргызтаануунун башка тармактарына кошкон салымы

Йылдыз «Бостон» дастанын дагы «Түрк тил коомунун» долбоорунун алкагында түрк тилине мыкты кылып которгон. Бул котормолор Нажийе Йылдыздын кыргыз тилин абдан жогорку деңгээлде билгенин тастыктап турат.

Нажийе Йылдыз ушул күнгө чейин алты (эки доктордук, тѳрт магистрдик диссертация) кыргыздарга тиешелүү диссертацияларга илимий жетекчи болгон. Бул диссертациялар Кыргыз фразеологизмдери, жомоктору, кошоктору, эпостору жана аял жазуучулары боюнча даярдалган.

Йылдыздын кыргыздар боюнча жазган экинчи кѳлѳмдүү эмгеги «Кыргыз фольклору» аттуу монографиясы болуп саналат. Бул китеп 2007-жылы басылып чыккан. Нажийе Йылдыздын «Кыргыз фольклору» бул темада Түркияда жазылган негизги эмгектердин катарына кошулган.

Йылдыздын кыргыз эпосторунан сырткары боз үй, акындык, эмгек ырлары боюнча жазган макалалары дагы бар. Анын «Манас» эпосун түрк калктарынын башка эпостору менен салыштырып жазган макалалары түрк тектүү калктардын ортосундагы илимий мамилелердин чыңдалышына чоң салым кошкон. Мисалы, анын «Манас» эпосун «Коркут Ата», «Огуз каган» эпостору менен ар тараптан салыштырган ондон ашуун макаласы бар. Ал кыргыз-кырым, кыргыз-түрк, кыргыз-казак окшоштуктары жана мамилелери боюнча дагы макалаларды жазган.

Йылдыз кыргыз фольклорунан сырткары кыргыз тили, адабияты боюнча дагы макалалар жазып, жарыялаган. Анын Чыңгыз Айтматов, Токтогул Сатылганов боюнча макалалары бар. Ал 2018-жылдын ноябрь айында Алматыда ѳткѳрүлгѳн «Адамзаттын Айтматову» аттуу эл аралык симпозиумга катышып, белгилүү жазуучубуз боюнча доклад окуган. Илимий башка иш–чараларда Жусуп Баласагын жана анын «Кут алчу билим» чыгармасы боюнча сѳз сүйлѳгѳн.

Нажийе Йылдыз кыргыз жазуучу аялдардын эмгектериндеги фольклордук элементтер боюнча доктордук диссертацияга илимий жетекчи болуу менен чектелбестен, кыргыз аялдары боюнча ондон ашуун макала жазганга жетишкен. Анын макалалары «Манас» эпосундагы аялдар, манасчы аялдар, кыргыздарда колукту жана кыргыз аялдарынын кийим-кечелери тууралуу жазылган.

Йылдыз кыргыз адабияты жана фольклору боюнча жалпы жонунан отузга жакын доклад окуган. Йылдыз 2018-жылдын 2-3-октябрында Кыргызстандын Каракол шаарында ѳткѳрүлгѳн «Түрк элдеринин жазуу түрүндѳгү алгачкы чыгармалары» деген эл аралык симпозиумга катышып, «Бѳрү символу боюнча «Манас» эпосу жана түрк адабиятындагы окшоштуктар» деген темада доклад окуган. Нажийе Йылдызга «Касым Тыныстанов» атындагы университет Түрк дүйнѳсүнѳ (жана кыргыз таанууга) кылган кызматы үчүн атайын сыйлык тапшырган.

Проф. Д-р. Нажийе Йылдыз бүгүнкү күнгө чейин кыргыздарга байланыштуу 350дѳн ашуун илимий эмгек (монография, макала, доклад жана диссертация) жана котормону даярдап чыгарган. Анын кыргыздар боюнча жазган эмгектери илим чѳйрѳсү тарабынан бааланып жатканын анын кыргыз таануу жаатындагы эмгектерине жасалган шилтемелерден байкоого болот. [1]

Эмгектеринин кыскаа тизмеси

  • YILDIZ, Naciye, Kırgız Halk Edebiyatı, Ankara: Alp Yay., 2007,

   355 s., ISBN: 9789756674581.

  • YILDIZ, Naciye, Manas Destanı (Wilhelm Radloff) ve Kırgız Kültürü İle İlgili

   Tespit ve Tahliller, Ankara: TDK Yay., 1995. XI+956 s. ISBN: 9751602343.

  • AKMATALİYEV, Abdıldacan, A., KADIRMAMBETOV, Kırgız Destanları 7.

   Boston, Çev. Naciye Yıldız, Ankara: TDK Yay., 2009, 515 s.

   İSBN: 9789751621573.

  • Manas (Sagınbay Orozbakov Varyantı), 3 cilt, (Edit. Naciye Yıldız, Çev.

   Abdrasul İsakov, Güldana Murzakulova, Bakıt Sagınbekov, İbrahim

   Türkhan, Mirlanbek Nurmatov) İstanbul: TDBB Yay., 2017,

   3697 s. İSBN: 9786056586347.

Макалалар

  • TURSUNBEKOV, Çınıbay, YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı”, Anayurttan

   Atayurda Türk Dünyası Manas 1000 Özel Sayı, Hagem-Türksoy, 3(9), Ağustos,

   1995. s. 65-80.

  • YILDIZ, Naciye, “Dede Korkut Hikâyelerinde ve Manas Destanında Ağaç”,

   Millî Folklor, 37, Bahar, 1998. s. 47-51.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nda Dini Şahsiyetin Efsanevi Şahsiyete

   Dönüşmesi: Ebu Nasır Samani’den Aykoco’ya”, Millî Folklor, 115, 2017.

   s. 119-132.

  • YILDIZ, Naciye, “Kırgız Akın Geleneği”, Türk Dünyası Âşık Edebiyatı, Ankara:

  Gazi Yay., 2016, s. 375-450.

  • YILDIZ, Naciye, “Kırgız Destancılık Geleneği ve Kırgız Destanları”, Türk

   Dünyası Destancılık Geleneği ve Türk Destanları, Ankara: Akçağ Yay., 2015.

  • YILDIZ, Naciye, “Kırgız Türklerinde İş Türküleri”, Millî Folklor, 70, 2006,

  s. 64-73.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı”, Tekel Dergisi, 9 (2), Eylül-Ekim 1995,

   s. 81.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı ve Muhtar Avezov”, Gazi Türkiyat Dergisi,

    5, Güz, 2009. s. 259-269.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’na Yaklaşabilmek”, Bilge, Güz, 1995.

    s. 14-17.

1* YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nda Hoşgörü”, Millî Folklor, 4(26), Yaz, 1995.

    s. 47-50.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nda İslamiyet”, Folkloristik, Prof. Dr. Umay

   Günay Armağanı, Ankara: Türkiye Diyanet Vakfı Yay., 1996. s. 151-166.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nda Misafirperverlik”, Anayurttan Atayurda

   Türk Dünyası, 3(9), Ağustos, 1995. s. 65-81.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nda Sosyal İlişkiler ve Bunların Dede

   Korkut Hikayeleri İle Mukayesesi”, Bozkırdan Bağımsızlığa Manas, Ankara:

   AKM Yay., 1995. s. 177-191.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nda Yer Alan Erkek İsimleri Üzerine

   Bir Değerlendirme”, Folkloristik: Prof. Dr. Dursun Yıldırım Armağanı, Ankara:

   Türkiye Diyanet Vakfı Yay., 1998. s.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nın Cusup Mamay Varyantı”, Türksoy

   Kültür ve Sanat Dergisi, Kırgızistan Özel Sayısı, 38, 2012, s. 72-79.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas Destanı’nın İktisadi İncelemesi” Başlıklı Yazı Üzerine”,

   Gazi Türkiyat Türkoloji Araştırmaları Dergisi, 1 (7), 2015, s. 99-106.

  • YILDIZ, Naciye, “Manas’tan Hareketle Kahramanın Ağzından “İdeal Eş”,

   Nail Tan Armağanı, Ankara: Kültür Ajans Yay., 2011, s. 393-398.

  • YILDIZ, Naciye, “Somut ve Soyut Kültürel Miras: Bozüy”, MTAD, 4/2,

   Ankara 2007, s. 7-30.

  • YILDIZ, Naciye, “Wilhelm Radloff: Hayatı, Eserleri Manas Destanı”, Türk

    Kültürü, 33(384), Nisan, 1995. s. 205-223 (13-31).


Адабият

  • Мирланбек Нурматов. Нажийе Ата Йылдыздын кыргыз таанууга кошкон салымы. // Түркияда кыргыз таануу. - Анкара, 2019.

Интернеттеги шилтемелер

Ички шилтемелер

  1. Мирланбек Нурматов. Нажийе Ата Йылдыздын кыргыз таанууга кошкон салымы. // Түркияда кыргыз таануу. - Анкара, 2019.